АГИТПУНКТ

АГИТПУНКТ — саясий агартуу мекемеси. А-тар Жумушчу-дыйкан коргоо Советинин 1919-ж. 13-майдагы токтому м-н шаарларда ж-а т. ж. станцияларында массалык-саясий иштин борбору катары түзүлүп, эмгекчилерге Совет бийлигинин максатын, милдетин түшүндүрүү аркылуу аларды Компартиянын айланасына топтоо болучу. 1937-ж. СССР Жогорку Советинин 1-шайлоосунан бери А. шайлоо кампаниясы мезгилинде саясий иштин чордону болуп калды.