АГИН-БУРЯТ УЛУТ ОКРУГУ

АГИН-БУРЯТ УЛУТ ОКРУГУ — РСФСРдин Чита обл-да түзүлгөн округ (1937-ж. 26-сент.). А.-Б. у. о. Забайкальенин түштүгүндө. Округда 3 район, 2 шаар тибиндеги посёлок (Агинск, Могойтуй) бар. Калкы 66 миң (1970), борбору — Агинск. Жеринин көпчүлүк бөлүгү тоолуу, климаты кескин континенттик. Июлдун орт. темп-расы 16-20°С, январда -22-26°С ге чейин. Жылдык жаанчачын 300-500 мм. Тоолуу бөлүгү боз, түзөң жерлери кара топуракту5 Бетеге ж-а шыбак өсөт. Жалпы аянтынын 30% тен ашыгын токой зонасы ээлейт. Жерг. калкы — буряттар булардан башка орус, украин, татар ж. б. улуттар жашайт. Орт. жышт. 1 км2 ге 3,3 киши.

А. ч. негизги ролду ойнойт. Уяң жүндүү кой, эт-сүт багытындагы бодо мал, төө, чочко багылат. Дан эгиндери (буудай, арпа, сулу) ж-а тоют өсүмдүктөрү айдалат. Ө. ж. негизинен а. ч. сырьёсу м-н токой жыгачтарын иштетүү болуп саналат. Шоссе жолдордун уз. 970 км, анын ЗОО км — таш жол. Агинскиде пед. окуу жайы бар. 1930-жылдан бери бурят тилинде «Агын унэн» ж-а «Агинская правда» газеталары чыгат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *