АГИНСК

АГИНСК — РСФСРдин Чита обл-дагы Агин-Бурят улут округунун борбору, шаар тибиндеги посёлок (1811-ж. негизделген, 1954-ж. шаар тибиндеги посёлокко айланган). Амур алабындагы Ага д-нын төмөнкү өрөөнүндө, Могойтуй т. ж. станциясынан 37 км түш.-бат. тарапта жайгашкан. Калкы 7,2 миң (1967). Май ж-а нан з-ддору, пед. окуу жайы, китепканасы бар. «АГИТАТОР» — КПСС БКнын журналы. 1923-ж. негизделген. А дегенде РКП (б) БКнын, РКП (б) Москва комитетинин Саясий агартуу башкы башкармасынын органы болуп чыгып турган. 1956-жылдан бери айына 2 жолу чыгат. Журналда КПССтин ж-а Совет өкмөтүнүн ички ж-а тышкы саясатынын маселелери ж-дөгү макалалар жарыяланат. Массалык-саясий жумуштардын тажрыйбаларын жыйынтыктайт. Идеологиялык кадрларга ж-а мекемелерге жардамчы материалдар, сын-библиогр. макалалар басылып турат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *