АГАВА

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АГАВА (Agave) — амариллистер тукумундагы өсүмдүк. Сабагы кыска, жалбырактары калың, чети тикенектүү. Чогуу өскөн жалбырактардан орто ченинен гүл сабагы (12 м ге чейин) өсүп чыгат. Гүлү көп. А. 6-15 жылда бир жолу гүлдөйт. Мөмөсү бышканда, өсүмдүк куурап калат. Мексикада А-нын ЗООдөн ашык түрү жапайы өсөт. СССРде А. Крымдын түштүгүндө, Кавказдын Кара деңиз жээктеринде парктарда өстүрүлөт. А-нын көп түрлөрүнүн жалбырактарынан аркан, жип эшип, таар токушат, калдыктарынан кагаз жасалат. Гүлдөө алдында алынган канттуу ширесинен алкоголь ичимдиктер даярдала!. А-нын кай биринин тамыры медицинада дары-дармек катарында колдонулат. Кыргызстандын парктарында кооздук үчүн өстүрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *