АВТОХТОН

АВТОХТОН (гр. autochton — жергиликтүү) — 1) алгачкы пайда болгон жеринде басырылып калган материалдардан турган тоо тектер ж-а кендер. Мис, өсүмдүктөр өскөн ордунда таш көмүргө айланышы. 2) Автохтондуу структуралар (автохтон) — тектон. бузулуулардан кийин өз ордунда калган бүктөлүү түзүлүштөрүнүн бир бөлүгү. А-дун тескери мааниси аллахтон.