АВТОХТОНДОР

АВТОХТОНДОР (гр. autochthones — жергиликтүүлөр), аборигендер- эволюция процессинде белгилүү жерде пайда болуп, азыркы мезгилде да ошол жерде жашап жаткан организмдер. Өрдөк тумшук ж-а эвкалипт — Австралиянын, кумурскачылар, илээндилер, жапайы картошка Түн. Американын А-у болуп саналат.