АВТОСТАНЦИЯ

АВТОСТАНЦИЯ-жүргүнчүлөрдү тейлөөчү ж-а жүк ташууну камсыз кылуучу автотранспорттук мекеме. Ал жүргүнчүлөр ж-а жүк А-сы болуп бөлүнөт. Жүргүнчүлөр А-сы — шаар аралык ж-а шаар айланасындагы автобус катнаштарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш комплекси (к. Автовокзал). Жүргүнчүлөр А-сы кичирээк шаарларда ж-а райондун борборлорунда, автобустун акыркы токтоочу жеринде курулат. Жүк А-сы — жалпы пайдалануудагы автомб. трансп. системасында шаар аралык жүк ташуу ишин жүргүзүүчү трансп. уюм. Жүк А-сы ири шаарлар м-н ө. ж. борборунан сыртка кеткен жолдордун чыга беришине, т. ж. станциясына, деңиз ж-а дарыя портторуна жакын курулат. Жүк А-сынын негизги милдети — жүктөрдү өз убагында ташып жеткирүү; трансп.-экспедициялык иштерди аткаруу; автомобилдердин жүрүү графиктеринин орундатылышын текшерүү ж-а жүк жөнөтүүчүлөр м-н эсептешүү. Жүк А-сы жүктөрдү түзүлгөн келишим же заказ б-ча ташып жеткирет. Кыргызстандагы бардык райондордун борборлорунда ж-а шаарларында жүргүнчүлөр А-сы, ири райондордо жүк А-сы бар.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *