АВТОРИТЕТ

АВТОРИТЕТ (лат. auctoritas — бийлик, таасир) — кандайдыр бир адамдын же уюмдун таасирин коомчулуктун кабыл алышын көрсөтө турган этикалык түшүнүк; бийликти иш жүзүнө ашыруунун фермаларынын бири. Коомдук уюмдарды же адамдарды белгилүү бир А-сиз уюштурууга, башкарууга болбойт. Алгачкы тапсыз коомдо коомдук тартип уруу ак сакалдары же аялдар пайдаланган авторитет, кадыр-барктын ж-а адат-салттын күчү м-н (Ленин В. И., Чыг., кырг. 1-бас, 29-т., 531-532-6.) сакталып келген. Коомдо таптын пайда болушу м-н уруу ак сакалдарынын, көсөмдөрүнүн А-и зордукка таянган мамл. мекемелердин, полиция, армиянын А-ти м-н алмашылган. Ал эми феодализм учурунда мамл. зордуктоо А-не диний А. кошулган. Азыркы капит. өлкөлөрдө А. б-ча эки көз караш бар. Биринчиси А-тин бардык түрүнө каршы чыгат. Энгельстин айтуусу б-ча А-тин бардык түрүнө каршы чыгуу — реакциячыл жол. Экинчиси — фаш. идеологдор жарыялаган «күчтүү» адамдарга баш ийүү теориясы. Мындай А. эмнеге алып келери жалпыга маалим. Марксизм-ленинизм А-тин таза илимий мазмунун ачты. К. Маркс м-н Ф. Энгельс А-ке «өтө ишенип кетүүгө» ж-а жок нерсеге, жеке адамга сыйынууга чечкиндүү каршы чыгышкан. В. И. Ленин эмгектин убагында А-тин, дисциплинанын зарылчылыгын белгилеген. Ар кандай А-ке каршы чыккан жалган рев-чылдыкты, бурж. илимдин ж-а полициялык саясаттын казналык А-ин четке кагып, В. И. Ленин жумушчу табына авторитеттүү жетекчилер керек деп жазган. Коммунисттик этика А-ти адамдын, башка» руучунун, мамл.-саясий уюмдардын эң кымбат моралдык касиети деп эсептейт. Коммунисттер жеке адамга сыйынууга каршы болуу м-н жөкө адамдардын тарыхтагы объективдүү ролун танбайт. Капитализмден социализмге өтүү доорунда жумушчу табынын марксисттик-лениндик саясий партиялары м-н алардын жетекчилеринин А-и күндөн-күнгө жогорулоодо.

Ад.: Энгельс Ф., Авторитет жөнүндө, Маркс К., Энгельс Ф., Танд. чыг., Фр., 1-т; Ошонуку, Теодор Куного (кат.). 24-янв. 1872, Маркс К., Энгельс Фр., Тандалган каттар, Фр., 1962; Л е н и н В. И., Об авторитете руководителя. Сб., М., 1963(