АВТОРИТАРИЗМ

АВТОРИТАРИЗМ (лат. auctoritas — бийлик, таасир) — саясий бийлик жүргүзүүнүн демократияга каршы системасы. А.- капит. мамл-тердин ашынган реакциячыл саясий системалары үчүн мүнөздүү. А.- өлкөнүн ички ж-а тышкы саясатына тиешелүү маселелерди демократияга, эл массасына таянбай чечүүчү саясий режимдин бир формасы. Мындай бийлик эл тарабынан түзүлбөйт ж-а контролдонбойт, куралдуу күчкө, зордук-зомбулукка таянган эзүүчү таптардын үркөрдөй аз тобунун колунда болот. Авторитардык бийлик аскердик жазалоочу аппаратка таянып, террор жолу м-н оппозициялык күчтөрдү басып турат. Азыр Испания, ЮАР, Чили өңдүү өлкөлөрдө аскердик-полициялык төңкөрүштөрдөн улам орнотулган фаш. режимдер сакталып келатат.