АВТОПИЛОТ

от123

Июн 24, 2020

АВТОПИЛОТ {авто… ж-а фр. pilote — учкуч) — учуучу аппараттарды (самолетту, вертолётту, башкарылма снарядды, ракетаны ж-а Жердин жасалма спутнигин) автоматтык башкаруучу түзүлүш. А-ту түзүү идеясын ж-а схемасын 1898-ж. К. Э. Циолковский сунуш кылган. СССРде 1-жолу А. м-н башкаруу 1932-ж. ишке ашырылган. Алгачкы А. самолеттун учуу кыймылынын бурчтарын гана бир калыпка келтире алса, азыркы А. самолеттун учуп, конушуна чейинки учуу режимин автоматташтырууга мүмкүндүк берет. Ал берилген багытты сактайт, самолеттун узун-туурасынан болгон кыйшаюусун түздөйт, анын оордук борборун туруктуу бир абалга келтирип, аны белгилүү программа б-ча алып жүрөт.

Ад.: Боднев В. А., Теория автоматического управления полётом, М., 1964.

от 123