АВТОМОБЙЛЬ-УСТАКАНА

АВТОМОБЙЛЬ-УСТАКАНА -негизги базалардан алыс жерде иштеген автомобилдерди, чиркемелерди, а. ч. техникасын оңдоого арналган көчмө устакана. А.-у. жүк ташуучу автомашинанын шассисине орнотулуп, ным ж-а чаң кирбей турган жеңил кузов м-н жабылат. Шол куруу ж-а талаа жумуштарында пайдалануу үчүн, А.-у-да түрдүү жабдуулар, приборлор, аспаптар, атайын электр станциясы ж-а жүк көтөрүүчү кран болот.