АВТОМОБИЛЬ СПОРТУ

АВТОМОБИЛЬ СПОРТУ — сериялык, спорттук ж-а жарышуу үчүн жасалган автомобилдер арасында мелдеш өткөрүүчү спорттун түрү. Биринчи автомоб. мелдештер 1894-ж. Францияда Париж — Руан — Париж маршруту б-ча өткөрүлгөн. Мелдеште автомобилдердин бекемдигине, айдап жүрүү жеңилдигине, айдоочунун коопсуздук эрежелерин сактоосуна ж-а бензин сарптоосуна баа берилет. Россияда биринчи автомоб. мелдеши 1898-ж. Петербургга жакын жерде болгон. СССРде автомоб. мелдеши биринчи жолу 1924-ж. Серпухов шоссесинде уюштурулуп, 1948-жылдан бери дайыма өткөрүлүп келе жатат. Бир катар р-ндо ачылган автомоб. клубдар А. с-нун өнүгүшүнө чоң роль ойноодо. АВТОМОБИЛЬ ТРАНСПОРТУ -жүк ж-а жүргүнчү ташуу транспортунун бир түрү. Ал эл чарбасында кеңири колдонулат. А. т. м-н жакын жерге ж-а тез жеткирилүүчү жүк ташылат. А. т. 20-к-да өнүгө баштайт. 1900-ж. дүйнөдө 11 миң автомобиль болсо, азыр жылыга 25 млн-дон ашык автомашина чыгат. 19-к-да суу ж-а унаа транспортуна караганда т. ж. транспорту басымдуулук кылса, 20-к-да А. т. зор роль ойнойт. 1913-жылдан 1965-жылга чейин А. т-нун жүк ташуу үлүшү 0,2% тен 17% ке чейин өссө, т. ж-дуку 72,9% тен 50,7% ке азайды. СССРде ата мек. автомоб. ө. ж-нын түзүлүшү А. т-нун ылдам өсүшүнө шарт болду. 1940-жылдан 1970-жылга чейин А. т. м-н жүк ташуу- 17, жүргүнчү ташуу 44,5 эсе өстү, 1970-ж. бардык жүктүн 81%ин А. т. үлүшүнө туура келип, башка транспортторго караганда А. т. м-н жүк 4 эсе көп ташылды да, 27,5 млрд. жүргүнчү А. т-нан пайдаланды. Шаар аралык жүргүнчү ташуу маршруттарынын жалпы уз. 1970-ж. 2,1 млн. км ден ашты. Сов. Союзунун А. т-да 5,1 млн.

адам иштейт. Кыргызстанда А. т. 1беш жылдыкта түзүлдү. 1930-ж. Токмок ш-да автомоб. базасы, кийинчерээк «Союзтранстын» негизинде Кыргтранс» трести түзүлгөн. 1939-ж. Кырг. ССРинин автомоб. эл комиссариаты, ушул эле жылы мурдагы «Кыргызтранс» трестинин ордуна Түн. ж-а Түш. тресттери уюшулган. Азыркы мезгилде А. т. республикада негизги транспорт болуп калды. 1950-жылдан 1971-жылга чейин А. т. м-н жүк ташуу — 22,2 эсе, жүргүнчү ташуу 31,4 эсе өстү. 1971-жылдагы маалымат б-ча бардык жүктүн 91% тен көбүрөөгү A. т. м-н ташылган. А. т-нун өнүгүшү үчүн шоссе жолдорду куруу жакшы өбөлгө болот. 1971-ж. республиканын шоссе жолдорунун уз. 19,7 миң км гө жетти. Алматы — Фрунзе — Ташкен, Ысык-Көл шоссе жолдору Кыргызстанды коңшулаш респ-калар м-н байланыштырып турат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *