АВТОМОБИЛЬ ПОЛИГОНУ

АВТОМОБИЛЬ ПОЛИГОНУ — автомобилдер алдын ала сыналуучу жер. Дүйнөдөгү эң ири Борб. ил. из. полигону СССРде 1964-ж. курулган. А. п. автомобилдерди узак убакытка чоң ылдамдыктар м-н сынап көрүү үчүн — айланма, күйүүчү майдын зарп кылынышын, тормоздоо системасынын бекемдигин сыноого карата — «динамометрдик», автомобилдердин чыдамдуулугун билүүгө карата өңгүл-дөңгүл, таш төшөлгөн, табигый ж-а жасалма тоскоолдуктары бар жолдордон турат. А. п. суу бассейни, ар кандай жантаймалар, эңкейиштер, өрлөр, чаңдуу жолдор, жамгырдуу, ар түрдүү климатка (муздак, ысык) сыноочу камералар ж-а аэродинамикалык түтүктөр м-н жабдылат.