АВТОМОБИЛЬ ПОЕЗДИ

АВТОМОБИЛЬ ПОЕЗДИ — бир же бир нече чиркемелүү автомобильтарткыч. Бир эле рейсте жалгыз автомобиль караганда, А. п. м-н бир кыйла көп жүк ташылат. Натыйжада эмгек өндүрүмдүүлүгү 1,5-1,8 эсе жогорулап, жүк ташуунун өздүк наркы 25%-30% кө төмөндөйт. А. п-де чиркештирүүнүн пневматикалык ж-а электрдик жабдуулары, жалпы тормоздук системалар, электрдик тармактар колдонулат. Начар жолдо жүрүүчү А. п-не активдүү октор орнотулуп, кыймылдаткычтын айландыруу моменти чиркеменин окторуна да берилет.