АВТОМОБИЛЬ МАГИСТРАЛЫ

АВТОМОБИЛЬ МАГИСТРАЛЫ, автомагистраль — ири өнөр жай ж-а маданий борборлорун байланыштырып, өз деңгээлинде башка жолдор м-н түздөн-түз кесилишпеген ж-а эл чарбалык зор мааниси бар автомобиль жолу. А. шаарларды ж-а ө. ж. борборун айланып өтө тургандай курулат да, борбор м-н атайын жол аркылуу байланышат. А. 1-категориядагы автомоб. жолу үчүн белгиленген нормалар б-ча долбоорлонот ж-а курулат. Автомобилдердин ар бир багытка карай жолу топурак төгүлгөн жалпы тилкеге же айрым-айрым тилкеге бөлүнүп, аралыгы 5 м ден кем болбоого тийиш. Жүк ташуучу автомашиналар көп жүрүүчү жолдордо А-дын жүк ташуучу, жеңил машиналар ж-а автобустар жүрүүчү тилкеси өзүнчө жасалат. Жол белгилери ж-а сигналдары ж-дөгү эл аралык конвенцияга (Вена, 1968) ылайык А-дын башталышы ж-а аягы атайын жол белгилери м-н белгиленет. Автомобилдердин жогорку ылдамдыкта коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында жолдун бети өтө жылмакай эмес, бир аз быдырлуу болуп жасалат.