АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ

АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ — автомобилдердин белгилүү жүк ж-а ылдамдык м-н үзгүлтүксүз, ыңгайлуу ж-а коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн ылайыкталган жол курулуштарынын комплекси. Эл чарбачылык маанисине ж-а жол кыймылына жараша А. ж. мамл. (жалпы союздук), респ., обл. (крайлык), райондук, селолук ж-а ведомстволук болуп, долбоорлоо нормасы ж-а курулушу б-ча тех. беш категорияга бөлүнөт.

А. ж-нун туурасынан кесилгендеги көрүнүшүн аныктоочу негизги элементтери (к. сүрөт): в чекиттеринин ортосундагы аралык а — топурак төгүлгөн тилкенин туурасы (эни), б — жолдун автомобиль жүрүүчү бөлүгү, г — жолдун автомобиль убактылуу токтой турган четтери, д — жолду бөлүүчү жантайма арыкча; е — кашат тилкеси, бул жерде жөө адамдар ж-а велосипедчендер жүрө турган жол салынат, байланыш каражаттары орнотулат. А. ж-нун машина жүрүүчү бөлүгү — жолдун негизги элементи. Анын бетине абдан бекем жол-курулуш материалдары төшөлөт. Төшөлгөн материал жылмакай эмес бүдүрлүү келип, тегиз ж-а автомобилдин дөңгөлөгү жакшы сүрүлүшкөндей болушу керек. А. ж-нун өзөн, терең коо ж. б. м-н кесилишкен жеринде жасалма курулуштар, көпүрө курулуп, ири түтүктөр орнотулат, өткөөлдөр жасалат. Кыймылды жөнгө салуу үчүн А. ж-на жол белгилери ж-а көрсөткучтөр коюлат. Кыргызстанда 1928-ж. 5103 км жол болуп, анын 35 км гана катуу тешөм (асфальт, бетон, кара шагыл ж. б.) м-н капталган. 1940-ж. катуу төшөм м-н капталган жолдун жалпы уз. 1,2 миң км ге жеткен. Улуу Ата Мек. согуштан кийин Кыргызстанда Фрунзе — Рыбачье — Нарын — Торугарт, Нарын — Казарман, ЫсыкКөлдүн тегереги, Фрунзе — Ош, Ош-Хорог, Талас — Жамбыл сыяктуу ири жолдор курулуп, пайдаланылууда. Азыркы күндө республикабызда жалпы мамл., респ. ж-а жерг. маанидеги жолдун уз. 20 миң км ден ашык, анын көпчүлүгү катуу төшөм м-н капталган.

Ад.: Автомобильные дороги, М., 1964.