АВТОМОБИЛГЕ МАИ КУЮУЧУ СТАНЦИЯ

АВТОМОБИЛГЕ МАИ КУЮУЧУ СТАНЦИЯ — автомобилди, мотоциклди ж. б. машиналарды күйүүчү ж-а майлоочу май, суу м-н камсыз кылуучу ж-а нефть продуктыларын, запастык бөлүктөрдү сатуучу курулуш комплекси. Ал автомоб. жолунун боюна жайгаштырылат. Шаардан алыскы станцияларда автомобилдерди тех. тейлөө, жууп тазалоо үчүн аянтчалар, кафетерий, тиричилик имараттары кошо курулат. Станциянын жабдууларына: бетондолгон атайын аянтчага орнотулган май куюучу колонкалар, суу ж-а аба толтурулуучу көлөмдүү идиштер, өрт өчүрүүчү жабдуулар, компрессор кирет. Күйүүчү ж-а майлоочу майлар жерге көмүлгөн резервуарларда сакталат.