АВТОМАТ

АВТОМАТ (гр. automatos — өзү аракетке келүүчү) — 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү ж-а пайдалануу процесстерин берилген программа б-ча адамды тикеден-тике катыштырбай аткаруучу механизмдер м-н түзүлүштөрдүн (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) системасы. А-тын түзүлүшү, татаалдыгы, иштөө принциптери анын аткара турган кыймыл аракеттери м-н аныкталат. А. төхнол., энергет., трансп., турмуш тиричилигине керектелүүчү, эсептөөчү ж-а эсептеп чыгаруучу, аскердик болуп бөлүнөт. А-тын айрым түрлөрү байыркы доордо эле жасалган, алар жөнөкөй, мех. оюнчуктар болгондуктан, тиричиликте пайдасы тийген эмес. Пружиналуу (П. Хенлейн, Германия, 16-к.) ж-а маятниктүү (Х. Гюйгенс, Голландия, 1657) сааттардын пайда болушу мех. А-тардын өркүндөшүнө түрткү берген. 18-19-к-дагы өндүрүштүн өркүндөшү, эмгек куралдарына ж-а адамга коюлган талаптардын жогорулашы А-тарды өндүрүштө пайдаланууга алып келди. Электротехниканын өнүгүшү (электрдик байланышта, транспортто, аскер ишинде, ө. ж-да колдонулушу) электрдик А-тардын негизин түзгөн бир топ ачылыштарга ж-а ойлоп табууларга жол ачты. 20-к-да илим ж-а техниканын өсүшү илимдин электроника, кибернетика сыяктуу жаңы тармактарын пайда кылды ж-а электрондук А-тарды (электрондук реледен тартып, электрондук эсептегич машинага чейин) түзүүгө мүмкүндүк берди. А. кандайдыр бир ишти аткаруучу механизмден текшерүү, эсептөө, жөндөө ж-а башкаруу милдеттерин аткаруучу татаал А-тык түзүлүштөргө айланды. Пайдаланылган энергиянын түрүнө жараша А-тар мех., гидравликалык, пневматикалык, электрдик (электрондук), комплекстүү (пневмоэлектрдик) болуп бөлүнөт. Азыркы А-тар энергия ж-а материалдардан тышкары информацияны кабыл алып, өзгөртүп, иштеп чыгат, б. а.,А-тын иштеши үчүн информация чоң мааниге ээ. А. аткаруучу бардык жумушчу ж-а жардамчы операциялардын удаалаштыгы жумуш циклин түзөт. Жумуш циклин аткарууга адамдын жардамы зарыл болгон А-тык түзүлүш жарым автомат деп аталат. Жумуш цикли аналог ж-а цифра түрүндө берилген информациялуу программа м-н аныкталат. Программасы аналогдуу түрдө берилген А-тын түзүлүшү программага көз каранды ж-а пайдалануу диапазону тар болот. А-тын ишин цифра түрүндө берүү анын түзүлүшү ж-а конструкциясы м-н байланышсыз болуп, А-тын универсалдуулугуна алып келет. Азыркы кезде ? эске тутуу касиети бар ж-а өз ишинин тажрыйбасын корутундулап, ишти оптималдык жол м-н аткаруучу А-тар терең изилденүүдө ж-а таралууда. 2) Кибернетиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири — дискреттүү информацияны дискреттүү убакыттык такттар м-н кайра иштетүүчү тех. же биол. системанын абстракттуу модели. _ Ав.: Ф е л ь д б а у м А. А., Основы теории оптимальных автоматических систем, М., 1963; Иванов С. М., Человек среди автоматов, М., 1969.

 

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *