АВТОМАТ-СУГАРГЫЧ

АВТОМАТ-СУГАРГЫЧ — мал сугаруу үчүн пайдаланылуучу жасалга. А.-стын эки чөйчөгү, рычагы, клапаны ж. б. тетиктери бар. Мал тумшугу м-н рычагды түрткөндө, клапандын пружинасы кысылып, суу өткөрүүчү жылчык ачылат да, чөйчөккө суу куюлат. Мал башын көтөргөндө, пружина бошоп, клапан мурдагы калыбына келип, суу акпай калат. Ал көбүнчө уй ж-а чочко чарбасында колдонулуп, күч эмгегин жеңилдетүүдө.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *