АВТОМАТТЫК РОТОРДУУ КАТАР

АВТОМАТТЫК РОТОРДУУ КАТАР- иштетилүүчү тетик м-н кошо аспаптары да айлананын жаасы б-ча жылып жүрүүчү машиналардын, трансп. түзүлүштөрүнүн ж-а приборлордун комплекси. А. р. к. көбүнчө жумуш кыймылы түз сызыктуу болгон операцияларды (штамптоо, ныктоо, жыйноо, текшерүү) аткаруу үчүн колдонулат. Анын негизги бөлүктөрү — жумушчу ж-а трансп. роторлор. Жумушчу ротордо валдын айланасында блокко бириктирилген аспаптар белгилүү иретте жайланыштырат да, ротордун тулкусу абдан бекем болот. Аспаптар мех. же гидравликалык түзүлүштөр м-н кыймылга келтирилет. Трансп. ротор тетикти бир жумушчу ротордон барабан же алкак түрүндөгү кармагыч м-н кабыл алып, экинчисине өткөрүп берет. Жумушчу ж-а трансп. роторлор автоматтык катарга бириктирилет. Кээде бир эле А. р. к. ар кандай операцияны (таштоону, текшерүүнү, жылуулук м-н иштетүүнү) аткарууга ж-а бир убакытта ар түрдүү тетиктерди иштетүүгө ылайыкталып жасалат. Мындай А. р. к көп номенклатуралуу катар деп да аталып, негизинен атайын жумуштар үчүн колдонулат. А. р. к. көбүнчө муздак штамптоодо, тамак ө. ж-да, пластмассадан тетиктер жасоодо кеңири колдонулат.

Ад.: Калинин Л. Н., Комплексная автоматизация на базе роторных линий, М., 1965.