АВТОМАТТЫК КАЙТАЛАП ТУТАШТЫРУУ

АВТОМАТТЫК КАЙТАЛАП ТУТАШТЫРУУ — автоматтык түрдө ажыратылган жогорку вольттуу электр берүү линияларын ж-а жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын автоматтык түрдө кайра ылдам туташтырып ишке киргизүү. Тизмек ажырап калган моменттен баштап, ажыраткычтын башкы контакттары тизмекти кайра иштеткен убакыт А. к. т-нун цикли деп аталат. Электр системаларында бир циклдүү (узактыгы 0,5- 1,5 сеп), эки циклдүү (узактыгы 10-15 сеп) ж-а удаалаш үч циклдүү (60-120 сек) А. к. т. колдонулат. Жогорку чыңалуудагы аба линияларында (110 ке ж-а андан жогору) негизинен бир циклдүү А. к. т. кеңири таралган.