АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ

АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ (т е хн и к а д а) — башкаруучу объектини адам тикеден-тике катышпай иштетүүгө ж-а анын ишин жакшыртууга багытталган аракеттердин жыйындысы. А. б. тех. системаларда көп информацияны аз убакытта кайра иштеп чыгуу зарылдыгына байланыштуу, адам иштей албаган операцияларды аткаруу ж-а эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, кол жетпеген ж-а опурталдуу шарттарда иштөөчү системаларды башкаруу үчүн кеңири колдонулат.

Башкаруучу түзүлүш м-н башкарылуучу объект биригип автоматтык башкаруу системасын (ABC) түзөт. ABC өндүрүштүк комплекстин составында иштейт. Тех. кеңири колдонууга жетишкен биринчи ABC Дж. Уаттын буу машинасында коюлган борбордон четтеөчү жөндөгүчү бар автоматтык жөндөө системасы болгон. Буу машиналарынын, турбипалардын ж-а ичинен күймө кыймылдаткычтардын улам жакшырышы ар түрдүү мех. жөндөөчү системалардын ж-а түзүлүштөрдүн пайда болушуна түрткү берди. А, б-нун жаңы этабы ага автоматиканын ж-а телемеханиканын электрондук элементтерин киргизүү м-н мүнөздөлдү. ABC башкаруу максатына, башкаруу контурунун түрүнө ж-а сигналдарды берүү ыкмаларына жараша бөлүнөт. Адегенде АВСка. башкарылуучу чоңдуктардын убакыт

ичинде берилген закон б-ча өзгөрүшүн камсыз кылуу милдети коюлган. Бул класстагы автоматтык жөндөө системаларына (АЖС) башкарылуучу чоңдуктардын маанисин туруктуу кармап туруучу системалар; башкарылуучу чоңдукту берилген программа б-ча өзгөртүүчү программалуу башкаруу системалары; башкаруу программасы белгисиз ээрчим е системалар кирет. Кийин башкаруунун максаты системаны мүнөздөөчү сапаттык көрсөткүчтөр (өндүрүмдүүлүгү, кайталоонун тактыгы ж. б.) м-н байланыштырыла баштады. Мына ушуга байланыштуу өзү ылайыкта л у у ч у системалар иштелип чыкты. Алар башкаруунун принцибинө жараша айырмаланат: өзү күүлөн ү ү ч ү (самонастраивающая) системаларда башкарылуучу чоңдуктар жогорку мааниге жетмейинче, башкаруучу түзүлүштүн параметрлери өзгөрүлө берет, ал эми өзү уюшулуучу системаларда ушул эле максатта анын структурасы да өзгөрүлүп турат. Башкаруу тажрыйбасын талдоонун негизинде иштөө алгоритмин улам жакшыртып туруучу өзү үйрөнүүчү системалардын мүмкүнчүлүктөрү чоң.

Абал бузуучу таасирлерди компенсациялоо жолу б-ча ABC ачык ж-а туюк болуп бөлүнөт. Ачык ABCJSL башкарылуучу объектинин абалы ж-дөгү информация башкаруучу түзүлүшкө берилбестен эле абал бузуучу негизги таасир ёлчөнүп ж-а компенсацияланып турат. Туюк АБСч& жөндөө жөндөлүүчү чоңдуктун кыйшаюсу б-ча жүргүзүлөт. Башкарылуучу объект ж-а башкаруучу түзүлүш б-ча өтүгүчү сигналдардын тизмеги туюк контурду түзөт (к. схема). Башкарылуучу чоңдуктун кыйшаюусу тескери байланыш аркылуу комненсацияланат. Кыйшаюу ж-а абал бузуучу таасир б-ча башкаруу принциптерин бириктирип айкалыштырылган системаны түзүүгө болот. Сигналдардын формасы б-ча АБС дискреттүү ж-а үзгүлтүксүз болуп бөлүнөт. А. б-нун түзүлүштөрүн синтездөө ж-а башкарылуучу системалардагы процесстерди талдоо маселелери — автоматтык башкаруу теориясынын милдети.

Автоматтык башкаруу теориясы (АВТ) А. б. системасын түзүү принциптерин ж-а аларда өтүп жаткан процесстердин закон ченемдүүлүктөрүн изилдейт. Адегенде АВТ автоматтык жөндөө теориясы (АЖТ) катары өнүгүп, тех. механиканын бир бөлүгү болгон. Акыркы жылдарда АЖТ организмдердеги ж-а экон. системалардагы башкаруу проблемалары м-н тех. системалардагы башкаруу процесстеринин жалдылыгын түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Ушуга байланыштуу анын максаттары м-н методдору татаалдан, АЖТ «Автоматтык башкаруу теориясы» деп аталды. АВТ объектинин берилген абалын туруктуу деңгээлде кармап туруу маселесин изилдейт. АБТце бул маселе организмдерге ж-а экон. уюмдарга тийиштүү адаптация проблемасынын бир бөлүгү катары каралат. Техникада ^4БГнин негизги проблемасы — АБСтжя синтези ж-а анализи. Айтылган проблеманы чечүү ЛбСтин динамикалык касиеттерин изилдөөнү талап кылат. Бул үчүн динамикалык процесс учурунда системанын абалы дифференциалдык тецдемелер м-н жазылат. АБСтжк динамикалык режимин талдоо, анын ишке жөндөмдүүлүгүн ж-а тактыгын аныктайт. АБСтяя ишке жөндөмдүүлүгүн үн зарыл шарты — анын туруктуулугу. Системанын туруктуулугун изилдөө үчүн атайын критерийлер иштелип чыккан. Системанын туруктуулугу анын параметрлерин ж-а структурасын өзгөртүү м-н жетишилет. АБСтшв. негизги сапаттык көрсөткүчтөрү: статикалык, динамикалык каталар ж-а жөндөөнүн убактысы. Бул көрсөткүчтөр башкарылуучу чоңдуктардын өтмө процесс учурунда анык өзгөрүшү м-н талаптагыдай өзгөрүүсүн салыштыруу аркылуу аныкталат.

Ад.: Теория автоматического регулирования, под ред. В. В. Солодовникова, кн. 1, М., 1967.