АВТОМАТИКА ИНСТИТУТУ

АВТОМАТИКА ИНСТИТУТУ Кырг. ССР ИАнын — башкаруунун теориялык маселелерин иштеп чыгуучу ил. из. институту. А. и. энергет. ж-а суу чарба ин-тунун автоматика лабораториясынын негизинде 1960-ж. Кыргыз ССР ИАНЫН алдында ачылган. Ин-ттун ишинин негизги багыттары: автоматика өлчөө түзүлүштөрүн куруунун илимий негиздерин ж-а методдорун иштеп чыгуу; эсептегич машиналарды колдонуп, ирригация ж-а ө. ж-нын өндүрүштүк процесстерин автоматтык башкаруу системаларынын теориясын түзүү; бургулоо техникасын комплекстүү механикалаштыруу ж-а автоматташтыруу. Илимий кадрларды даярдоо үчүн ин-ттун алдында аспирантура бар. Ин-т өз ишин өлкөбүздүн башка ил. из. А. и. ж-а республикабыздын ө. ж. ишканалары м-н тыгыз байланышта жүргүзөт.