АВТОКОД

АВТОКОД — программалоонун жөнөкөй тили. 1:1 түрүндөгү А. кеңири таралган, анда тилдин негизги элементи цифралуу эсептегич машинанын (ЦЭМ) тилине которгондо, өзүнчө командага айланат. Эсептегич машинанын командаларынын система» сында мүмкүн болгон ар кандай программаны 1:1 түрүндөгү А-дун жардамы м-н түзүүгө болот. 1:1 түрүндөгү А. м-н программалоо ЦЭМ тилинде программалоого окшош, ыңгайлуу ж-а ишти үч эсе дээрлик тездетет. А-го берилген алгоритм программа-транслятордун жардамы м-н ЦЭМ программасына айландырылат. Автоматтык программалоонун көп системасында программалоонун башка тилинен ЦЭМ кодуна которгондо, А. орто аралык тилдин милдетин аткарат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *