АВТОКЛАВ

АВТОКЛАВ (медицинада) — жогорку басымдагы ысык буу аркылуу микроорганизмден тазартуучу аппарат. А. хирургиялык аспаптарды, операцияга кийилүүчү халаттарды, жараттарды таңуучу материалдарды, о. эле микробдор өстүрүлө турган азыктарды микробдордон тазартууда, микробдорду өлтүрүүдө кеңири колдонулат. А-дын негизги бөлүгү керектүү басым ж-а темп-радагы бууну алуучу жылчыксыз жабылган суу-буу камерасынан, анын ичине орнотулган тазалануучу буюмдарды салуучу зыянсыздандыруучу камерадан турат (к. сүрөт). Сырткы камерадагы суунун буусу бул камералардын ортосу м-н көтөрүлүп, ички камеранын жогорку кырындагы тешиктер аркылуу тазалануучу материалдарга өтөт. А-дын бир жерге орнотулган ж-а көчмө түрлөрү бар.