АВТОДЕЗУСТАНОВКА

АВТОДЕЗУСТАНОВКА — имарат м-н территорияны дезинфекциялоо, дезинсекциялоо үчүн колдонулуучу машина. СССРде чыгарылуучу ДУК-2 установкасы жүк автомапшналарынын (ГАЗ-51А) шассисине орнотулат. ДУК2 установкасынын цистернасы, эки челек-резервуары, трубопровод системалары, аэрозоль чачкычтары, ысыткыч казаны, шлангдары, аспап салынуучу ящиктери, тейлөөчү кишилер үчүн кошумча кабинасы болот. Цистернаны толтуруу, дары чачуу автомашинанын кыймылдаткычы аркылуу жүргүзүлөт. Кыргызстанда көбүнчө ДУК-2 установкасы колдонулат.