АВТОГРАФ

АВТОГРАФ (авто… ж-а …граф) — 1. Автордун өз колу м-н жазганы же койгон колу. 2. Автордук кол жазма. А. чыг-нын чыныгы (туура деп табылган) кол жазмасы экенин аныктоочу негизги булак ж-а жазуучунун, окумуштуунун, көрүнүктүү ишмердин чыг-ларын изилдөөдө баалуу материал болуп эсептелет. СССРде К. Маркстын, Ф. Энгельстин, В. И. Лениндин ж-а КПССтин бир катар жетекчи ишмерлеринин кол жазмалары КПСС БКнын алдындагы марксизм-ленинизм ин-тунун Борб. партархивинде, жазуучулардын көптөгөн А-тары СССРдин музейлеринде ж-а китепканаларында сакталат.