АВТОВОКЗАЛ

АВТОВОКЗАЛ — шаар аралык катнаштарында автобус жөнөөчү ж-а жетип токтоочу жерлерде жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш комплекси. Ар бир саатта автобустарды кабыл алып, жөнөтүшүнө жараша А. I, II ж-а Ш класстарга бөлүнөт. I класстагы А. көбүнчө жүргүнчүлөрү арбын ири шаарларда курулуп, атайын белгилүү параметрлер б-ча долбоорлонот; II ж-а Ш класстагы А. типтүү долбоорлор б-ча курулат. А-дын карамагында жүргүнчүлөрдү тейлөөчү имарат, транш, ички терр-я ж-а вокзал алдындагы аянтчасы болот. Имаратта билет кассалары бар зал, балалуу жүргүнчүлөр жайланышчу, жүк сакталуучу, кызматтык (диспетчердик, админ. ж. б.) бөлмөлөр жайгаштырылат. Транш, ички терряда перрондор, автобус жөнөгөнчө токтоочу аянтча ж. б. орундар жасалат. Автобустардын келип-кетиши тууралуу кабарлар жарык сигналдары ж-а радио аркылуу берилип турат. Шарты ылайык келген жерлерде биргелештирилген темир жол-автобус, дарыя-автобус вокзалдары курулат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *