АВСТРИЯ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АВСТРИЯ, Австрия республикасы. Жалпы маалымат. А. Европанын Борб. бөлүгүндө. Түндүгүнөн ГФР ж-а Чехословакия, чыгышынан Венгрия, түштүгүнөн Югославия ж-а Италия, батышынан Швейцария ж-а Ликтенштейн м-н чектешет.

Аянты 83,8 миң км1. Калкы 7456 миң (1972). Борбору-Вена (1609 миң киши, 1972).

Мамлекеттик түзүлүшү. А.- федеративдик республика. Ал 9 провинцияга бөлүнөт (Вена да провинция катары эсептелет). Азыр колдонулуп жаткан Конституциясы 1920-ж. (1929-ж. өзгөрүүлөр киргизилген) кабыл алынган. Мамл. башчысы — калк € жылга шайлаган президент. Жог. закон чыгаруучу органы — парламент, АЛ эки палатадан: Улуттук советтен (4 жылга шайланган 165 депутат) ж-а Федералдык советтен (аймактардын ландтагдары шайланган 64 депутаттан) турат. Шайлоо укугу 19га толгон бардык граждандарга oберилген. Аткаруу бийлигин канцлерден (президент дайындаган), вице»анцлерден ж-а министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ар бир аймактан (жердин) өзүнүн конституциясы ж-а калк тарабынан 4 төн 6 жылга чейин шайланган өз парламента — ландтагы бар.

Табияты. А-нын жери тоолуу, анын 3At бөлүгүнө жакынын Чыг. Альпы кырка тоолору (бийик чокусу Гросглокнер, 3797 м), ‘/s бөлүгүн Дунай өрөөнү, Штирия ж-а Бургенланд ойдуңу (түздүк), калган бөлүгүн Боген массивинин анчалык бийик эмес тоолору ээлеп жатат. Түздүктөр м-н тоо этектеринин климаты мелүүн континенттик, батышында бир кыйла нымдуу. Январдын орт. темп-расы -1°С ден -4°С ге чейин, июлдуку 15-18°С Жылдык жаан-чачындын саны 500- 900 мм; тоолорунда 1500-2000 мм. А-нын терр-ясынын көп бөлүгү Дунай алабына, четки батышы Рейн алабына кирет: Дунай А. терр-ясында 350 км гө созулуп агат. 500ге жакын көлдүн көбү мөңгүдөй пайда болгон. А-нын терр-ясынын 38% ке жакыны токой. 2000ден 2700-3000 м деги альпы шалбаасы — мыкты жайыт. Токой зоналарында, көбүнчө коруктарда Европада сейрек кездешчү айбанаттар: европа бугусу, багыш, элик, аюу, доңуз, тоо бүркүтү сакталып калган.

Калкы. Калкынын көбү (97%) австриялыктар. Андан тышкары словендер, хорваттар, венгрлер, еврейлер ж-а сербдер м-н цыгандардын айрым топтору жашашат. 1972-ж. өлкөдө 186,5 миң чет өлкөлүк жумушчу (жалпы чарбада иштегендердин 7,4%) болгон. Мамл. тили — немең тили. Калкынын 90% инен арбыны католик чиркөөсүнө, 6% инен арбыны — протестант — лютеран чиркөөсүнө чокунат. Калкынын табигый өсүш динамикасы төмөн. Экон. активдүү калкы (1970) 3,3 млн. киши, алардын ичинен ө. ж-да ж-а кол өнөрчүлүгүндө 41%, айыл ж-а токой чарбасында 20%. Трансп. ж-а байланышта, тейлөө тармактарында — 39%. Калкынын 70% инен арбыны өлкөнүн аянтынын 20% ке жакынын ээлеген Вена алабында, Дунай ж-а Рейн өрөөндөрүнө, Штирия м-н Бургенлад түздүктөрүндө жашайт. Калктын 65%ти шаардыктар; Ири шаарлары: Вена (1609 миң киши, 1972) Грац, Линц, Зальцбург, Инсбрук.

Тарыхый очерки. 6-к-да азыркы А-нын терр-ясында герман (баварлар) ж-а славян (словендер) уруулары отурукташкан. 8- 9-к-иа А-нын бардык терр-ясы Франк мамл-нин составында болуп, ал кулаган соң (843), Чыг. Франк королдугуна кирет. 10-к-дын 2-жарымында Чыг. маркасы түзүлүп, 996-ж. ал Чыг. областы деп аталат. 1156-ж. азыркы А-нын түн.-чыг. бөлүгүндөгү бул терр-я «Ыйык Рим империясынын» составындагы герцогдукка айланат. 1282-ж. Габсбургдар А. герцогдуктарынын герцогдору болушат. Алардын ээлеген жерлери 12-14-к-да Штириянын, Каринтиянын, Биролдун ж. б. терр-яларын кошуп алуудан кеңейтилет. 16-к-да Түш.-Чыг. Европага Осмон империясынын (Турциянын) чабуул коюп турган убагында 1438-ж-дан баштап Габсбургдар Чехияны, Силезияны, Венгриянын бир бөлүгүн (толугу м-н 17-к-дын аягында), түш. славян жерлеринин бир бөлүгүн ээлеп алды; Габсбургдардын көп улуттуу империясы куралып, А. анын саясий борбору болду. 18-к-да Габсбургдар Түш. Нидерланддарды (Бельгиянын терр-ясы), Италиянын кеп жерин ж-а Польша м-н Бат. Украинанын бир кыйла бөлүгүн басып алган. Феод.-абс. А. мамл-и басып алган калкын зордоп германдаштыруу саясатын жүргүздү. 18-к-дын ортосунда Германияда үстөм кылуу үчүн А. м-н Пруссиянын ортосундагы тирешүү күчөйт. А. Франциядагы рев-яга каршы интервенция жасоого демилге көтөрдү ж-а ага катышты, о эле наполеондук Франция м-н болгон согуштарга катышты. Наполеон жеңилген соң, А. бытырап бөлүнгөн Германияда (1866-ждагы Австрия-Пруссия согушунда өзү жеңилгенге чейин) таасири өТө күчөп,. 19-к-дын 1-жарымында феод.-абс. монархиянын тирегине айланган. А-да о. ж. пролетариаттын калыптануусу 19-кдын 30-40-ж-дарынан кийин гана башталып, шай өнүккөн. А. империясындагы таптык ж-а улуттук карама-каршылыктар 1848-49-ж-дагы рев-я убагында бөтөнчө күчөдү. 1859-ж. Италия ж-а Франция, 1866-ж. Пруссия ж-а Италия м-н болгон согуштарда А. жеңилип, Италиядагы ээлеген жерлеринен ж-а герман мамлтериндеги таасиринен ажырады. Көп улуттук А. мамл-де кризис күчөдү. Ушундай шарттарда А-нын башкаруучу таптары Венгриянын помсщиктери м-н бүтүмдөшүүгө өттү. А. империя дуалисттик, экилтик монархияга — Австрия-Венгрияга (А.-В.) кайра курулду (1867), алардын оз өкмөттөрү түзүлдү. 1879-ж. А.-В. Германия м-н 1-кезекте Россияга ж-а Францияга каршы союз түздү. 19-к-дын 60-ж-дарынын аягында А-га марксизм таркай баштады. Жумушчу кыймылы Россиядагы 1905-07ж-дагы рев-янын таасири м-н бир кыйла күчөдү. А.-В. 1-дүйнөлүк согушта (1914- 18) Германиянын негизги союздашы болуп, бир катар жеңилиштерге учурады. Согуштун аягында анда рев-ялык улуттукбоштондук кыймылы күчөдү; буга Улуу Окт. соң. рев-ясы зор түрткү берди. Ноябрдын башында А-нын компартиясы түзүлдү. 1918-ж. окт.-ноябрда Габсбургдар монархиясында бурж. рев-я жеңип чыкты. Көп улуттуу империя кулап, анын ордуна бурж. мамл-тер — Австрия, Венгрия, Чехословакия түзүлдү, А.-В-нын мурда ээлеген жерлеринин бир бөлүгү Полыпанын, Румыниянын ж-а Югославиянын составына кирди. 12-ноябрда А. бурж. респ-ка болуп жарыяланды. 1919-ж. 10-сентябрда А. м-н Антанта державаларынын ортосунда Сен-Жермен тынчтык догоеоруна кол коюлду. 1920-ж. 1-октябрда А. ресцкасынын конституциясы кабыл алынгандан кийин өткөрүлгөн парламентке шайлоодо Христиан дык-социал партиясы (1878- 1938-ж-да болгон партия) 1-орунду ээледи. Бул партиянын өкүлдөрү 20-30-ж-дарда А-нын дээрлик бардык өкмөттөрүн түзүп турду. А-нын экономикасы 20-ж-дарда аябай начарлады. Ушупдан улам австр. буржуазиянын бир бөлүгү А. мамл-ин жоюу ж-а аншлюс жасоо (Германиянын составына кошуу) үчүн аракеттенген. А-нын экономикасына 1929-33-ж-дагы дүйнөлүк экон. кризис оор кесепетин тийгизди. Таптык карама-каршылык курчуду. ӨКМөТ башкаруунун фаш. методуна өТө баштады. 1933-ж. парламент таратылып, басма сөз ж-а чогулуш эркиндиги жок кылынды, компартияга тыюу салынды. 1934-ж. февралда реакциянын чабуулуна каршылык көрсөтүшкөн Вена жумушчуларынын куралдуу көтөрүлүшү ырайымсыздык м-н басылды. С.-ц. партиясы ж-а профсоюздар таркатылды. 1938-ж. мартта фаш. Германия А-ны басып алды. 1943-ж. СССР, АКШ ж-а Улуу Британия А. ж-дөгү декларацияга кол коюшуп, А-ны көз каранды эмес, эркин болууга тийиш деп билдиришти. 1945-ж. жазында А. нем. фашисттердин үстемдүгүнөн куткарылды. А. бошотулгандан кийин өлкө оккупацияланган 4 зонага: советтик, америкалык, англиялык, франциялык зоналарга бөлүндү.»А-да^ саясий партиялардын иштешине уруксат’ этилди. Сов. Союзу А-ны бошотууда чечүүчү роль ойноду. 1945-ж. 27-апрелде Венада К. Реннер башкарган коалициялык убактылуу өКМөТ түзүлдү. 1946-48-ж. А-да оор ө. ж-лары м-н банктардын бир кыйла бөлүгү мамлекеттештирилди. Бирок өлкөнүн экономикасындагы башкы позиция капит. монополиялардын колунда калды, А-да АКШнын ж-а Батыштын башка өлкөлөрүнүн монополисттик капиталы мурдагыдай эле зор роль ойной берди. 1955-ж. 15-майда СССРдин, АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын ж-а А-нын өкүлдөрү көз каранды эмес ж-а демокр. Австрияны калыбына келтирүү ж-дө Мамл. договорго кол коюшту. Ага ылайык 1955-ж. 25-октябрда оккупациялык аскерлерди А-дан чыгарып кетүү аяктады. 1955-ж. 26-октябрда А-нын бейтарадтыгы, анын согуштук союздарга кошулбоосу ж-а австр. терр-яга чет өлкөлүк согуш базаларынын түзүлүшүнө жол берилбөөсу ж-дө парламент закон кабыл алды. А-нын бейтараптыгын дүйнөдөгү мамл-тердин көпчүлүгү тааныды. 1955-ж. декабрда А. ООНго кабыл алынды.

Саясий партиядары жана профсоюздары. Австриянын социалисттик партиясы (АСП) 1945-ж. негизделген. Соц. интернационалга кирет. 700 миңге жакын мүчөсү бар. Австриянын элдик партиясы (АЭП) 1945-ж. негизделген. Негизинен ири буржуазиянын ж-а жер ээлеринин таламдарын жактайт. 700 миңге жакын мүчөсү бар. Австриянын эркиндик партиясы (АЭП) 1955-ж. негизделген. Орто ж-а майда буржуазиянын, мурдагы нацисттердин өкүлдөрүн ж. б. бириктирип турат. Улуттук-демократиялык партия (УДП) 1966-ж. негизделген. Өзүнүн мүнөзү жагынан бат. герм. УДПга жакын партия. Австриянын ко м му ниеттик партиясы (АКП) 1918-ж. негизделген. Австриянын профсоюздарынын бирикмеси МКСПге кирет. 1,5 млн-дон ашуун мүчөсү бар (1972).

Экономика-географиялык очерки. А.- мамлекеттик-монополисттик капитализм жогорку деңгээлде өнүккөн индустр.-агрардык өлкө. Өлкөнүн продукциясынын 42% ө. ж. м-н кол

өнөрчүлүкке, 7,5% а. ч. м-н токой чарбасына туура келет (1971), о. эле а. Ч;, транспорт да өнүккөн. Чет элдик туристтерди (жылыйа 10 млн. киши) .тейлөөдөн көп пайда түшөт. Улуттук продуктунун 25% тен ашыгыраагы чет өлкөлөргө чыгарылат, ошону м-н бирге көп сандагы сырьё, отун ж-а азык-түлүк да импорттолот. Тоо-кен ө. ж. тармактары да өнүккөн. Капит. дүйнөнүн ө. ж. продукциясынын 0,7% ке жакыны (1971) А-нын үлүшүнө туура келет. Өлкөдө ө. ж. өндүрүшү жогорку ‘ даражада концентрацияланып, чет элдик капиталдын салыштырма салмагы басымдуулук кылат.

Темир, коргошун, , цинк ж-а жез рудалары казылып алынат. Магнезит алуу б-ча А. капит. дүйнөдө алдыңкы орундар дын бирин ээлейт. Кайнатма туз ж-а графит алуунун мааниси да чоң. 2-дүйн. согуштун жылдарында пайда болгон нефть промысел чарбасынын, о. эле газ өндүрүүнүн мааниси зор. 1972-ж. (млн. т эсебинде): темир рудасы 4,1, күрөң көмүр 3,7, нефть 2,5, магнезит 1,4 өндүрүлгөн. Электр кубатын өндүрүү 29,3 млрд. кете (1972) жеткен. Электр кубаты көбүнчө (72%) Инн, Зальц, Дунай д-ларындагы ГЕСтер берет. Электр кубатынын бир кыйла бөлүгү ГФРге, Италияга экспорттолот. Энергиянын жалпы пайдаланышында нефть м-н табигый газдын ролу артып, көмүрдүкү төмөндөөдө.

Иштетүүчү ө. ж-нын негизги тармактары: машина куруу ж-а металл иштетүү. Трансп. машина куруу ж-а электротехника, о. эле тоо-кен, металлургиялык, токуу, жыгач иштетүү ж-а тамак-аш, ө. ж-ларынын жабдууларын өндүрүү бир кыйла өнүккөн. 1972-ж. 2,8 млн. г чоюн, 4,1 млн. т болот, 131 миң т алюминий, бир аз санда жез, коргошун ж-а цинк эритилген. Химия ө. ж. азот жер семирткичтерин, күкүрт к-тасын, жасалма буланы, пластмассаны, соданы, парфюмер продуктыларын өндүрүп чыгарат. Жеңил ө. ж-да негизги ролду токуу ө. ж. ойнойт. О., эле булгаары бут кийим, кийим тигүү, жыгач иштетүү да жакшы өнүккөн. Бүткүл а. ч. жерңнин (3,9 млн. га) 40% айдоо, 38% шалбаа ж-а жайыт, 22% алыш шалбаасы. Майда чарба басымдуулук кылат. Негизги товардык продукцияны өндүрүүчүлөр-капит. фермалар. А. ч-сынын башкы тармагы — мал чарбачылыгы, ал. а. ч. продукциясынын бүткүл наркынын 60% тен ашыгын түзөт. 1972-ж. 2,5 млн-го жакын уй, 3,2 млн. чочко болгон. Айдоо аянтында дан эгиндери (буудай, кара буудай, жүгөрү) басымдуулук кылат, тоют өсүмдүктөрү 2-орунда, картошка, тех. өсүмдүктөр да эгилет. А-нын өзүнде» өндүрүлгөн продукция анын азыктүлүккө болгон керектөөсүнүн 84%ив гана камсыз кылат.

Жүк ташуудагы негизги роль т. ж. транспортуна тиешелүү; т. ж. тармагынын ‘/3 бөлүгү электрлештирилген. Ички суу жолунун уз. 1733 км; Дунайда кемелер жүрөт. Башкы порттору: Линц, Вена. Швехат (Вена) аэропортунун эл аралык мааниси бар. 1972-ж. экепортунун жалпы наркы 120,6 млрд. шиллинг, импортунуку — 89,7 млрд. шиллинг болгон. 1972-ж. импорттун 56,0%, экспорттун 39% анын негизги соода шериктери болгон Европ. экон. коомдоштук (ЕЭС) өлкөлөрүнүн, ал эми импортунуи 10,1%, экспорттун 12,5% соц. өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келген. Акча бирдиги — шиллинг.

Медицина-географиялык мүнөздөмөсү. 1971-ж. ар 1000 кишиге төрөлгөндөр 14,6, өлгөндөр 13,1, балдардын өлүмү ар миң тирүү төрөлгөн балага 26,1 ди түзгөн. Жугушсуз оорулар басымдуулук кылат; жугуштуу оорулардын ичинен кургак учук, боткнн оорусу ж. б. артыгыраак учурайт. 1971-ж. А-да 73,9 миң койкалуу 320 ооруканада (1000 кишиге 10,9 койка) 13,9 миң врач (530 кишиге 1 врач) иштеген, алардын ичинен 243 гана мамл. кызматчы болгон. Врачтарды Венадагы, Грандагы ж-а Инсбруктагы ун-ттер даярдайт.

Эл агартуу, илим, илимий мекемелери. А-да элге билим берүү ишине Федеративдүү эл агартуу мин-восу жетекчилик кылат. Элге билим берүү системасынын алгачкы ввеносу — 3- 6 жаштагы балдар үчүн балдар бакчасы (1969-ж. аларда 114 миңден ашуун бала тарбияланган). 1969-70окуу жылында милдеттүү түрдө окутуучу мектептерде 887 миң, орто мектепте 158 миң, профессионалдык билим берүү системасында 216 миң окуучу болгон. А-да Вена, Грац, Зальцбург, Инсбрук ун-ттери бар. Ар биринде теология ф-теттери иштейт. Ири жогорку окуу жайларына Грацтагы ж-а Венадагы Жог. тех., Леобендеги Жог. тоо-кен мектептери кирет. 1969-70-окуу жылында вуздарда 56,3 миң студент окуган. Вуздарда окуу мөөнөтү 3-5 жыл. Ири китепканалары: Венадагы улуттук ж-а Грац, Инсбрук ун-ттеришга китепканалары. Негизги музейлери: Венада — Австр. галереясы; Көркөм тарыхый музеи; Л. Бетховен, Й. Гайдн, В. Моцарт, Ф. Шуберт ж. б-дын музейлери. Австрия ИАсы (1874-ж.) ж-а бир катар ил. из. ин-ттар, илимий мекемелер бар.

Басма сөз, радио угузуу жана теле көрсөтүүсү — А-да 200дөн ашык газета-журнал басылып чыгат (1969). Маанилүүлөрү: «Винер цайтунг» — А. өкмөтүнүн официалдуу органы (1703); «Фольксблатт», «Арбайтерцайтунг» (1889); «Фольксштимме» (1918); «Прессе» (1848); А-да информ. агентство-Австрия басма сөз агентствосу иштейт (АТА). А-нын радио угузуусуна ж-а теле көрсөтүүсүнө «Эстеррайхише рундфунк гезельшафт» коому жетекчилик кылат.

Адабияты. А-нын терр-ясында пайда болгон байыркы адабий эстеликтер 12-к-га таандык. Рыцардык маданияттын гүлдөгөн учурунда «Ыибелунгдар жөнүндөгү ыр» (1200-жылга жакын) өтө белгилүү болгон. 12-13-к-да миннезанг өнүккөн. 13-к-да шаарлардын күчөшү м-н бюргердик ад-т, негизги жанры-шванк өнүккөн (Штриккердин «Поп Амис» жыйнагы). 14-15к-да Г. Тейхнер м-н Петер Зухенвирт дидактикалык ыр-шпрухтарды жазышкан. Кайра жаралуу доорунда диндик мистерия м-н катар кийин австр. элдик комедияга негиз салган элдик сценкалар пайда болгон. 17-кда падыша сарайларында ж-а монастырь мектептерде барокко стилинде жазылган тарыхын, мифологиялык темаларда пьесалар коюла баштаган. 18-к-дын 2-жарымыпда, абсолютизм үстөмдүк кылган учурда мамл. мекемелерде, мектептерде «тазаланган» немец тилин окутуу башталган (теоретиги — немец классицизминин өкүлү И. Готшед). Франция м-н болгон согуш мезгилинде Г. фон Коллин өзүнүн классикалык драмаларында («Регулда», 1801) өз граждандарынан курмандыкты талап кылуучу күчтү — мамл. бийликтин керектигин талап кылган. А-да Наполеондун эзүүсүнөн улам, улуттук аң-сезим ойгонуп, тарыхый темаларга кайрылуу күчөгөн. 1848-ж. рев-янын. жеңилиши, бурж-нын демокр. ураандардан баш тартышы бир катар адабиятчыларды коомдук проблемалардан четтетүүгө алып келген. Империализм доорунун башталышы ж-а бурж. мад-ттын кризиси 20-жылдарда декадентизмди жаратты. 1918-45-ж. ад-ттагы көрүнүктүү орун публицист ж-а сатирик К. Крауска тиешелүү. Ал өзүнүн «Адам баласынын акыркы күндөрү» (1918-19) деген монументалдуу драмасында импер. согушту баштоочулардын бетин ачкан. Фаш. Германия А-ны басып алгандан кийин, андагы мад-ттын алдыңкы өкүлдөрү Мекенин таштап кетүүгө мажбур болушту. Эмиграцияда жүрүп Й. Рот, Р. Музиль, С Цвейг, Ф. Верфель, Й. Луитпольд фашизмге каршы публицистикалык чыг-ларын жазышкан. 2-дүйн. согуштан кийин Х. Додерердин «Штрудльхофштиге, же Мельцер жана жылдар катмары» (1951), «Демондор» (1957), Ф. Хабектин «Жолборс минип жарышуу» (1958) романдары жазылган. Империя кулагандан кийинки А-нын тарыхына арналган Г. Фричтин «Ташка өскөн эңгилчек» (1956), Х. Цандын «Оттун мурасчылары» (1961) чыг-лары пайда болду. 1934-ж. жумушчу табынын фаш. реакция м-н болгон күрөшүн сүрөттөгөн Г. Зайконун «Камыш арасындагы адамдар» (1956) романы окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынды. 50-60-жылдарда таланттуу прозаиктер: Х. Айзенрайх, Ф. Гумлер, Ф. Каин, акындар: И. Бахман, А. Окопенко, Г. К. Артман, Б. Шмид ж. б. өсүп чыкты.

Архитектурасы жана сүрөт искусствосу. А-нын аймагында алгачкы коом иск-восунун («Виллендорфтук Венера», палеолит), байыркы Рим мадтынын эстеликтери, о. эле о. кылымдагы роман (11-13-к. Гурке ж-а

Зеккаудагы чиркөөлөр) ж-а готик» (13-15-к-дагы Венадагы ыйык Стөфан собору) стилиндеги эстеликтер сакталып калган. Кайра жаралуу доорунун мад-тына (15-16-к.) шаардык имараттар, дворецтер, А. Пильграманын скульптуралары, Б. Хубердин живописи кирет. А. иск-восунун өнүгүүсү Барокко доору (17-18-к.) м-н байланыштуу (арх-лор И. Б. Фишер фон Эрлах, Л. Хильдебранд ашкере кооздолгон дворец, чиркөө, монастырларда курушкан; скульпторлор — Б. Пермозер, Р. Доннер; дубалдарга түшүрүлгөн кооз чийме жазуулардан авторлору Ф. А. Маульберч ж. б.) 19-к-да архит-да классицизм, эклектизм сырткы параддуулук м-н алмашылат (Г. Земпер, К. Хазанауэр), живописте романтикалык айкындык (Й. А. Кох, М. Швинд), сырдаштык лиризм (Ф. Вальдмюллер, А. Петтенкофен, К. Шух) м-н алмашылат. 19- 20-к-дын ортосунда «Модерн стили» пайда болот (Арх.-лор Й. Ольбрих, О. Вагнер, Й. Хофман, живописчи Б. Климт). Андагы архит. стилди азыркы функционализм алмаштырды (А. Лоз., Й. Франк, Р. Райнер). Живопись м-н графикада экспрессия м-н фантастика (Э. Шиле, О. Кокошка, А. Кубин), скульптурада абстракционизм (Ф. Вотруба) өнүгөт.

Музыкасы. А. музыкасынын өзгөчөлүгү калкынын көп улуттуу, мадтынын ар түркүн болушуна байланыштуу. Элдик мад-тты таратуучулардын өкүлү о. кылымдын башталышындагы эл кыдырып жүрүп ырдоочу ырчы, пшильмандар ж-а монахтар болгон. 15-к-да Вена, Инсбрукта сарай капеллалары пайда болот. 17-18-к. Венада чиркөө музыкасын, ораториялык чыг-ларды, операларды жараткан итал. мектептин комп-лору (А. Чести, Н. Порпора, А. Сальери ж. б.) жашап, эмгектенген.

17-к-дын ортосунда Вөнада опөралык театр, 1741-ж. «Бургтеатр» курулуп, Вена опөралык иск-вонун борборунун бирине айланат. 18-к-дын орто ченинде эски Вена мектеби түзүлөт (Г. К. Вагензейль, М. Мон ж. б.). 18к-дын 2-жарымында Венада жашаган немец комп-лору Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен негиздеген Вена классикалык мектеби түзүлөт. 19-кдын 1-жарымында австр. муз-да романтикалык багыттын баштоочусу Ф. Шуберт болгон. А.-вальстын мекени (19-к.). Бул жанрдын негиздөөчүлөрү Й. Ланнер ж-а Штраустардын үй-бүлөсү болушкан. 19-к-дын акырында — 20-к-дын алгачкы он жылында он симф. ж-а «Жер жөнүндө ыр» симф. кантатанын автору Г. Малерге байланыштуу австр. симфонизм тарыхый өнүгүштөгү бийиктикке көтөрүлгөн. Бирок 30-жылдарда айрыкча, фаш. Герм. А-ны басып алгандан кийин (1938), А. муз-сы начарлай баштайт. Качан гана 1945-ж. Сов. Армия Венаны бошоткондон кийин, анын муз. иск-восу мурунку калыбына келтирилет. Венада (Вена мамл. опера, «Фольксопер», Камерный театр) ж-а Грацта опера театрлары бар. Концерт коомунун алдында, Вена филармониясынын ишмерлер коомунун алдында ж-а Венадагы Австр. радиосунун алдында симф. оркестр түзүлгөн. Вена, Зальцбург, Брегенц ш-ларында муз. фестивалдар өткөрүлүп турат. Театры. А-нын театры 16-к-да түзүлө баштаган. Мурда өз алдынча эл кыдырып жүрүүчү өнөрпоз актёрлордун труппалары болгон. 18-к-дын башында актер ж-а драматург Й. Страницкийдин жетекчилиги м-н Венада биринчи стационардык улуттук театр (1712) түзүлгөн. 1741-ж. Венада «Бургтеатр» деп аталган «Король дворенишга алдындагы театр» ачылган. Бул театр чыныгы А. театр иск-восунун реалисттик салтын түзгөн актёрлордун бүтүндөй бир муунуп тарбиялап чыгарган. 18-к-дын аягында Венанын чет жакаларында «Леопольдштадттеатр», «Йозефштадттеатр», «Виденертеатр» ж. б. театрлар ачылган. 1870-81-жылдары «Бургтеатрга» реж. Ф. Дингелыптедт жетекчилик кылып, У. Шекспирдин трагедияларынын цикли м-н Л. Анценгрубердин, Г. Ибсендин пьесаларын койгон. 19-к-да театрдын иск-водо антидемокр. тенденция күчөй баштагандан тартып, «Бургтеатрдын» ишмердүүлүгү да басаңдап кеткен. 1918-ж. реж. ж-а актер А. Хейне театрдын ишин кайрадан жандандырат. Гитлердик оккупация учурунда (1938-45) көп театрлар жабылып, «Бургтеатрдын» имараты кыйрайт. А-ны Сов. Армия бошоткондон кийин (1945), анын улуттук мад-ты кайра өнүгө баштайт. «Бургтеатр» — азыр А-нын эң көрүнүктүү театры. Венадагы театрлардын ичинен «Йозефштадттеатр» ж-а «Фолькстеатр» белгилүү. Грац, Линц, Инсбрук ш-ларында театрлар бар. Мында классикалык ж-а азыркы учурдагы драматургдардын чыг-лары үзгүлтүксүз коюлуп турат.

Киносу. А-да кинематогр. 1906жылдан баштап пайда болгон. Адегенде кыска метраждуу фильмдер коюлган. А-лык биринчи көркөм фильм «Баскычтан баскычка» (1908-ж., реж. Х. Ханус) болгон. 1920-25-жылдар А-лык кинонун жогорулоо мезгили. Бул жылдары «Принц жана кайырчы» (1920, реж. А. Корда), «Содом жана Гоморра» (1922, реж. М. Кертиц) ж. б. фильмдер коюлган. 20-жылдардын ортосунан баштап, чет өлкөлүк фильмдерди алып келүү көбөйдү. Ада үндүү кино чыга баштагандан тартып, көп муз. фильмдер пайда болду («Маскарад», 1934, реж. В. Форст; «Эпизод» 1935, реж. В. Рейш). ӨЛКөДө фаш. режим орногондон кийин (1938) А-да кинематогр. өсүшү токтогон. 2-дүйн. согуш аяктагандан кийин, А-нын кинематогр. да калыбына келет. 40-50-жылдары «Узак жол» (1946, реж. Э. Хеш), «Процесс» (1948), «Соңку аракет» (1956, реж. Г. В. Пабст), «Акыркы көпүрө» (1954, реж. Х. Кейтнер) ж. б. фильмдер жаралат. 60-жылдарда А-нын киносу терең кризиске учурайт. А-нын кинематогр-сынын өсүшүнө болгон негизги тоскоол — мамл. тарабынан жардам бербегендик. А-да кинотеатрлардын саны жылдан жылга азаюуда (1962-1285, 1973-665).

Ад.: Турок В. М., Очерки истории Австрии, 1918-29, М., 1955; его же, то же 1929-38, М., 19.62; Экономическая география зарубежных стран, М., 1968; Белецкий Н. В., Советский Союз и Австрия, М., 1962; Австрийская новелла ХIX века, М., 1959; Друскин М. С, История зарубежной музыки, 3 изд., М., 1967.

АВСТРИЯ ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

1847-ж. Венада Императордун илимдер академиясы катары негизделген, 1918-жылдан Илим академиясы, 1947жылдан А. ИАсы болуп аталган. Матем., табият таануу илимдери ж-а филос, тарых илимдери деген эки секциядан турат. Академиянын 351 мүчөсү (1968), 100 миң томдуу китепканасы бар. А-да «Альманах» («Almanach»), эки сериялуу илимий эмгектердин «Көрсөткүчү» («Anzeiger»), «Заседаниелердин отчеттору» («Sitzungsberichte»), жалпы академиянын ж-а эки секциянын «Докладдары» («flenkschriften») басылып турат. АВСТРИЯ-ВЕНГРИЯ — австрия-венгриялык монархия; 1867-ж. Австрия м-н Венгрияны бийлеп турган таптардын келишиминен улам Австрия империясын кайра курууга багытталган дуалисттик (экиден бириккен) мамлекет. Ал келишим б-ча Габсбургдар монархиясы Австрия империясы ж-а Венгрия королдугу болуп экиге бөлүнгөн. Алар А.-В-нын суверендүү бөлүктөрү деп таанылган. А.-В-ны австр. император башкарган (Венгрия үчүн ал король болгон), анын бийлиги Австрияда — рейхсрат, Венгрияда сейм м-н формалдуу түрдө чектелген. Бүткүл А.-В. үчүн жалпы тышкы иштер, аскер ж-а деңиз, финансы минволору, Австрия м-н Венгриянын өз алдынча мин-волору да болгон. А.В-нын жалпы конституциясы болгон эмес. А.-В-ны түзүү м-н Габсбургдар империядагы улуттук-бошт. ж-а демокр. кыймылды басууга, Венгриянын биротоло бөлүнүп кетүү коркунучун жок кылууга умтулган. Австрия м-н Венгриянын үстөмдүк кылуучу таптарына таянган Франц Иосифтин өкмөтү көп улуттуу А.-Вдагы элдерди эзип турган. А.-В. 1918-ж. кулаган. Буга А.-В-нын 1дүйн. согушта жеңилиши, Россияда Улуу Окт. соц. рев-янын жеңип чыгышынын таасиринен жумушчу ж-а улуттук-бошт. кыймылынын жогорулашы себеп болгон. А.-В-нын террясыяда бурж. Австрия, Венгрия, Чехословакия мамл-тери түзүлгөн, жеринин айрым бөлүктөрү Югославиянын, Румыниянын, Полыпанын составына кирген.

АВСТРИЯДАГЫ РЕВОЛЮЦИЯ (1848 -49) — бурж.-демокр. рев-я; феодалдык абс. түзүлүш м-н көп улуттуу Австрия империясъга жоюп, өз бетинче бурж. улуттук мамл-терди түзүү максатын көздөгөн. Австрия империясында жоюлбай сакталып келген феод, мамилелер капитализмдин өнүгүшүнө тоскоол кылган ж-а феод. эзүү улуттук эзүү м-н айкалышып, күчөгөндөн күчөгөн. 1847-ж. башталган экон. кризистен улам өлкөдөгү монархия бийлиги да саясий кризиске учурап турган. 13-мартта Венада эл көтөрүлүшү башталат, А. р-нын башында либералчыл бурж. турган, негизги кыймылдаткыч күчү элдин калың катмары (жумушчулар, кол өнөрчүлөр, студенттер, майда ж-а орто бурж.) болгон; баралына жете элек пролетариат ал рев-яда таптык ролун аңдабай, өз таламдарын кое албай калган.

Өкмөттүн отставкага чыгышы Австрия империясында бир катар ревчыл чыгууларга түрткү берген: Будапештте эл көтөрүлүшү күч алып, [к. Венгриядагы революция (1848- 49) ], рев-чыл кыймыл түш. славяндарда да башталган. Венада студенттердин куралдуу уюму — Академиялык легион ж-а ш-дын Улуттук гвардиясы түзүлөт. Апрелде Коомдук коопсуздук комитети уюштурулат. 1848-ж. 25-апрелде конституциянын долбоору жарыяланат. Конституция б-ча эки палата (аристократиялык сенат ж-а депутаттар палатасы) түзүү белгиленген; жумушчулар шайлоо укугуна ээ болбой, дыйкандар феод. милдеткерликтен кутулбай калат. Бул жагдай калктын катуу нааразылыгын туудурат. Веналыктардын каршылыгын басуу максатында Улуттук гвардиянын борб. комитетин таркатуу ж-дө указ чыгарылат ж-а Академиялык лешонду жоюу далала*гы болот. Бирок 15-майда Венада студенттер м-н жумушчулар контррев-чыл чараларга каршы курал көтөрүп чыгышат. Өкмөт Улуттук гвардияны таркатуу ж-дөгү указын жоёт. Жумушчулар (эркектер) шайлоо укугуна ээ болуп, бир палаталуу шайланма рейхстаг түзүү ж-дө императордун указы жарыяланат. 22-июлда Венада ачылган рейхстагда дыйкандардын феод. милдеттенмелерден акы төлөп кутулуусу белгиленди. Бул шарт дыйкандардын демин суутуп, рев-ядан баш тарттырды. 19-августта коомдук жумуштардагы жумушчулардын маянасын төмөндөтүү ж-дө указ жарыяланды. 23-августта буга нааразы жумушчулар өз алдыларынча демонстрация уюштурду, бирок аны бурж. улуттук гвардия басып койду. Бурж-нын чыккынчылыгы мындан да көрүндү. Ушундан пайдаланган импер. бийлик Австрияда гана эмес, бүткүл империядагы рев-чыл кыймылга сокку урууну чечти: Венгрияга аскер жөнөтүлдү, анын сейми таркатылды. Буларга кыжырданган калың эл Венада көтөрүлүш чыгарды. 31-октябрда ал дагы кан төгүү м-н басылды. Өлкөдө феод.-монархиядык чөйрөнүн ж-а ири бурж-нын өкүлдөрүнөн жаңы өкмөт түзүлдү: жаңы император реакциячыл конституция жарыялады, рейхстаг таратылды. А. р. бурж-нын чыккынчылыгынан, пролетариаттын чабалдыгынан ж-а улуттук пикир келишпегендиктерден улам жеңилип калды. Бирок ал дыйкандардын крепостнойлук абалын жоюуга жардам кылды ж-а ө. ж-дын өнүгүшүнө, жумушчу кыймылынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

АВСТРИЯ-ИТАЛИЯ СОГУШУ (1848 -49)-Австриянын үстөмдүгүнөн бошонуу үчүн Италия жүргүзгөн согуш. 1848-ж. 25-мартта Сардиния (Пьемонт) королу Австрияга согуш жарыялайт. Итал. бурж. ж-а король чыккынчылык кылгандыктан, итал. армия жеңилип калат. Король Карл Альберт, эл нааразы болсо да, Австрияга Ломбардияны берип, жарашуу келишимине кол коёт. Рев-чыл толкундоолордун жогорулашынан, Австрияга каршы согушууну талап кылган элден чочулаган король 1849-ж. 20-мартта келишимин бузуп, Австрияга кайра согуш жарыялайт. Бирок 21-23-мартта пьемонт аскерлери талкаланып, келишим б-ча Ломбардия-Венеция аймагын Австриянын басып алышы м-н согуш бүтөт.

АВСТРИЯ-ИТАЛИЯ СОГУШУ (1866) -Австриянын үстөмдүгүнө каршы Италиянын улуттук-бошт. согушу. Италиядагы рев-янын (1859-60) ж-а Австрия-Италия-Франция согушунун (1859) натыйжасында Италия жалпы жонунан бириктирилсе да, Венеция обл. Австриянын, Рим пацанын карамагында калган. Венецияны бошотуу үчүн Италия согушка даярданат: Наполеон Ш арага түшүп, Пруссия м-н Италия жашыруун союз түзөт да, 1866-ж. игонда Австрияга согуш ачат. Австрия согушта жеңилип, Италия м-н тынчтык келишимин түзүүгө мажбур болот. 3-октябрда Вена тынчтык келишимин түзүп, Венеция Наполеон Шгө берилет, ал аны Италияга өТКөРөТ.

АВСТРИЯ-ИТАЛИЯ-ФРАНЦИЯ СОГУШУ (1859) — Франциянын ж-а Пьемонттун (Италия королдуктарынын бири) Австрияга каршы согушу. Бул согушта Италия улуттукбоштондукка чыгууну, Наполеон Ш Түн. Италияга Франциянын таасирин бекемдөөнү көздөгөн. Согуштун чыгышына жашыруун Пломбьер келишими (1858) себеп болгон. Согуш 1859-ж. 29-апрелде Пьемонт, Франция аскерлеринин чабуулу м-н башталган. 4-июнда Франция м-н Сардиниянын армиясы Маджентанын, 24-июнда Сольферинонун жанында жеңишке ээ болгон. Согуш Италиядагы улуттук-бошт. кыймылын күчөткөн. Бул кыймыл ж-а Италия мамлекети күчөп кетпесин деп чочулаган Наполеон Ш согушту токтотуп, Австрия м-н Виллафранк келишимин түзгөн, Австрия Ломбардиядан гана баш тартып, Венецияда үстөмдүгүн сактап калган. Турин «договору (1860) б-ча Франция Савойяны ж-а Ниццаны алган.

АВСТРИЯЛЫК МЕКТЕП — буржуазиялык саясий экономиядагы антимаркстик субъективдик-психологаялык багыт. Ал 19-к-дын 80-жылдарында пайда болгон, көрүнүктүү өкүлдөрү: австр. экономисттер К. Менгер, Бем-Баверк, Ф. Визер. Алардын теориясы К. Маркстын «Капталына», анын экон. илимине (эмгектик нарк теориясына, кошумча наркка ж. б.), рев-чыл жумушчу кыймылынын өсүшүнө каршы багытталган. Алар капиталисттер алып турган пайданы жумушчулар табынын эксплуатацияланышынан эмес, керектөө буюмдары м-н өндүрүш каражаттарынын ортосундагы айырмадан алынат деп түгпүндүрүшөт. А. мектеп өндүрүштүн коомдук мүнөзүнүн ролу м-н маанисин, наркты, бааны, кызмат акыны, пайданы, процентти, рентаны субъективдик-психол. жактан түшүндүрүүгө аракеттенет, бул капитализмди түбөлүк жашоочу коомдук түзүлүш дөп эсептөөгө, монополиялык капиталдын үстөмдүгүн, анын жогорку пайда алышын жактоого алып келген.

АВСТРИЯЛЫКТАР — улут, Австриянын негизги (97%) калкы. Саны 7300 миң (1973). 2 млн-дон ашык А. чет өлкөлөрдө (Италияда, АКШда ж. б.) жашайт. Немец тилинин жерг. диалектинде сүйлөшөт,- Адабий тили-немец тили. Динге сыйынган А-дын 90% католик, калгандары — протестант. Көпчүлүгү (62%) шаарда (ө. ж-да) иштейт. Кыштактагыларынын негизги кесиби — мал чарбасы ж-а дыйканчылык. Тоо р-ндорундагы А-дын материалдык маданиятында (үй-жай, кийим-кече, тамак-аш) олуттуу өзгөчөлүктөр сакталган.

АВСТРИЯНЫН КОММУНИСТТИК ПАРТИЯСЫ (АКП) -бир катар коммунисттик группалардын ж-а кружоктордун өкүлдөрү тарабынан 1918-ж. 3-ноябрда Венадагы уюштуруу конференциясында негизделген. АКП коомду соң. кайра куруу ж-а пролет, диктатурасы үчүн күрөшүү ураанын алдыга койгон. Сов. Россияны ж-а Венгр Сов. Республикасын колдоп чыккан, Коммунисттик Интернационалды түзүүгө катышкан. АКПнын 17-съезди (1957-ж. март) жаңы согуштун коркунучуна каршы Австриянын бейтараптыкты катуу сактоо саясатын жүргүзүшү үчүн күрөшүү зарылдыгын, эмгекчилердин турмуш деңгээлин жогорулатуу, жумушчу табынын биримдигин чыңдоо, партиялык ички демократияны өркүндөтүү, ревизионизмге ж-а реформизмге жол бербөө чараларын белгиледи. 1958-ж. февралда АКПнын конференциясы «Австриянын социализмге карай жолу» деген программалык документти кабыл алды (муну 1961-ж. АКПнын аралашма, махизм м-н неокантчыл көз караштардын кошундусу. А. тарыхый закон ченемдүүлүктү жокко чыгарып, социализмдин жеңишин моралдык-этикалык жактан же адамдардын духовный байланыштарынын көз карашынан түшүндүрөт, социализм элементтери капитализмдин ичинде пайда болот дөп, бурж. мамл. аппаратты талкалоонун зарылдыгын танат. Улут маселесинде А. марксизмден кол үзүп, «маданий-улуттук автономия» теориясын жактайт, пролетариат™ улуттук топторго бөлүп, ар бир улуттун ичинде таптык карамакаршылыктарды жымсалдоону көздөйт. В. И. Ленин бул теориянын реакциячыл маанисин ачып, австромарк-систтерди «контрреволюциячы^ буржуазиянын малайлары» деп ашкерелеген. Көп улуттуу Австрия-Венгриянын шартында австромарксисттердин бул жолу эзүүнү колдоочу __ нангерыандык улутчулдук экенин баса көрсөткөн. А. 1-дүйн. согуштун убагында импер. согушту жактап, бурж. ата мекенди коргоо керек деп чыккан. Азыркы австромарксисттер жумушчу табынын таламдарына чыккынчылык кылып, империализмдин идеологиясын ж-а саясатын жактоодо.

Ад.: Ленин В, И., «Маданий-улуттук» автономия жөнүндө, Чыг., кырг. 1-бас, 19-т., Фр., 1956; ошонуку, Улут маселеси боюнча сын. заметкалары, 20-т.; ошонуку, Австриядагы шана Россиядагы улуттук программанын тарыхына карата, 20-т.; Туров В. М., От австромарксизма к современному ревизионизму, «Новая и новейшая история», 1958, J4i 4.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *