АБСОЛЮТТУК НЫМДУУЛУК

АБСОЛЮТТУК НЫМДУУЛУК — абанын 1 м3 көлөмүндөгү суу буусунун өлчөмү. Ал г/м3 м-н туюнтулат; атмосферада, 0, 1-1, 0 г/м3 дан (кышкысын материктердин үстүндө, уюлдук кеңдиктерде) 30 г/м3 га чейин, кээде андан да жогору (экватордук зонада) болот, к. Абанын нымдуулугу.