АБСЕНТЕИЗМ

АБСЕНТЕИЗМ (лат. absentia — катышпоо) — шайлоочунун шайлоодо добуш берүүгө катышуудан баш тартышы. Бул бурж. мамл-терде кеңири таралган көрүнүш. А-ге жол бербес үчүн, Италия, Бельгия, Греция сыяктуу капит. өлкөлөрдө шайлоодо милдеттүү түрдө добуш берүү закону киргизилип, добуш бергенден баш тарткандыгы үчүн, шайлоочуга штраф салынат.