АБРАЗИЯЛЫК ТЕКТИР

АБРАЗИЯЛЫК ТЕКТИР, бенч — абразия процессинен пайда болгон жээк тектири. Байыркы А. т. деңиз деңгээлинен жогору же суу астында жатышы ыктымал. Ал, мис, Кыргызстанга чектеш Ангрен тоолорунда кезигет.

АБРАМЗОН Саул Менделевич (1905ж. т., Орловск губ., Дмитровск ш. ) — советтик этнограф, тарых илимдеринин доктору (1968). 1927-жылдан КПССтин мүчөсү. ЛГУну бүтүргөн (1926). 1926-ж. Кыргыз автоном. облнын музейинин башчысы. А. 1927-ж. Кырг-нда Край таануу музөйин ж-а1928-ж. Кыргыз АССР ЭКСтин алдындагы Край таануу б-ча алгачкы илим-изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан. 1931-ж. чейин Кырг-н маданий курулуш ин-тунун директору. 1931-жылдан СССР ИАнын Этногр. ин-тунун Ленинграддагы бөлүмүндө старший илимий кызматкер, кийин анын сектор башчысы. А-дун катышуусу м-н Кырг-нда бир катар этногр. экспедициялар жүргүзүлгөн. А-дун эмгектеринде негизинен кыргыз элинин этнографиясынын дээрлик бардык маселелери изилденген. А-дун көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы «Кыргыздар жана алардынэтногенетикалык жана тарыхыи-маданнй байланышы» (1971) деген китебинде жыйынтыкталган. Бул фактыларга ж-а илимий жалпылоолорго таянган эмгегинде автор ийгиликтер м-н бирге айрым методологиялык ж-а идеялык кемчиликтер кетирген. А. Кыргызстанда этнография илиминин өсүп-өнүгүшунө ж-а кыргыздын этнограф-кадрларын даярдоого чоң көмөк көрсөткөн. А. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг. : Очерки культуры киргизского народа, Фр., 1946; Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи, Л., 1971.

Ад. : Усубалиев Т. У., Интернациональное воспитание трудящихся, М., 1974.

АБРАМОВ Алексей Фёдорович (1925ж. т., Башкырт AGCPH, Даниловка с. ) — Даңк орденинин толук кавалери. 1936-жылдан Кырг. ССРинин КөкЖаңгак. гп-да жашаган. 1943-ж. Сов. Армияга чакырылып, Улуу Ата Мек. согушта Смоленск, Ржев, Витебск ш-лары, Нарев плацдармы учун болгон уруштарга, Данциг м-н Кёнигсбергди алууга. катышкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн А. 3-ж-а 2-даражадагы Даңк орденин алууга татыктуу болгон. Эльбага жакынкы салгылашуудагы А-дун эр жүрөктүүлүгү жогору бааланып, ал 1-даражадагы Даңк ордени м-н сыйланган. Согуштан кийин Көк-Жаңгак ш-на кайтып келип, шахтёрлук кесибин кайра улантып жатат. Медалдар м-н да сыйланган.

АБРАМОВ МӨҢГҮСҮ -Алай кырка тоосунун түш. капталындагы мөңгү. Уз. 9 км, туурасы 500-1000 м, калыңд. 40-170 м. Кар сызыгы 4200- 4250 м бийиктикте, этеги 3620 м ге чейин түшөт. Татаал өрөөн мөңгүлөрүнун тибине кирет. Эл аралык программа б-ча 1-даражадагы байкоолор жүргүзүлө турган СССРдин аймагындагы мөңгүлөрдүн катарында. Ташкендеги гидрометеорол. ил. из. интунун (САРНИГМИ) окумуштуулары тарабынан көп жылдан бери изилденүүдө. 1972-ж. кескин түрдө алдыга жылган. Окумуштуулардын ою б-ча мындай жылыштар мөңгүдө ар 10-11 жылда кайталанып турат. Андан Кызыл-Суунун оң куймасы Көк-Суу башталат.

АБРИКОСОВ Алексей Иванович [6 (18). 1.. 1875-9. 4. 1955] — советтик патолог-анатом, СССР ИАнын (1939) ж-а СССР мед. ИАнын (1944) академиги, Соң. Эмг. Баатыры (1945). 1939-жылдан КПССтин мүчөсү. 1899-ж. Москва ун-тин бүтүргөн. Москва унтинин мед. ф-тётинин профессору (1920-1953). СССР мед. ИАнын Нормалдуу ж-а патологиялык морфол; тамгунун директору., (1944-51). Эмг, ектери негизинен өйкөнүп, ‘туверкулёзуна, симпатикалык нерв ;түйүндөрүнүн п^ологиялык анатомиясына. булчуң шишиктешгав ж-а аллергиянын морфологиясына арналгЙн. ПольшаИАнь|н мүчө-корр-ти, СССР Мамл. сыйлыгынын’ лауреаты (1942). Эки Ленин ордени ж-а Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.

АБРИС (нем. Abrip-сызуу) — 1) контурдун же нерсенин сызыктуу сүрөттөлүп^; 2) талаада жүргүзүлүүчү геод. жумуш мезгилинде түшүрүлгөн жердин схемалык чиймеси. Анда жер бетиндеги айрым нерселердин өз ара орун алышы, алардын бири биринен алыстыгы ж. б. ченөөлөр көрсөтүлүп, талаада кол м-н болжолдонуп түзүлөт. А. белгилүү бир жердин планын түзүүдө колдонулат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *