АБРАЗИВДИК ИШТЕТҮҮ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АБРАЗИВДИК ИШТЕТҮҮ — металл, айнек, жыгач ж. б. материалдарды абразивдүү аспаптарды пайдаланып мех. жол м-н иштетүү. А. и-гө булар кирет: сүргүлөө, жылмалоо, кыруу, жалтыратуу жумуштары, к. Абразивдуу материалдар, Абразивдуу аспаптар.

АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР — катуу материалдарды ж-а пластмассаларды иштетүүдө колдонулуучу абразивдуу материалдардан жасалган аспаптар. А. а. катуу (жылмалоочу тегерек, бөрк, сегмент, кайрак) ж-а ийилчээк (жануур, тасма ж. б. ) болуп бөлүнөт. А. а. негизинен электрокорунд, кремний карбиди, жасалма ж-а табигый алмаздан жасалып, алардын кесүүчү абразивдүү бүртүкчөлөрүн бириктирүүдө керамика, бакелит, силикат ж-а магнезии пайдаланылат. А. а-дын 12 миңге жакын түрү чыгарылат. А. а-га кошулган алмаздын өлчөмү (1 лшЗ көлөмдөгү алмаз) — анын негизги көрсөткүчү. Алмаз 100% кошулганда, 1 ммъ катмарда 0, 878 мг алмаз болот. Мис, жылмалоочу тегеректин составына 25- 200% ке чейин алмаз кошулат.

АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛ-абразивдуу аспаптар жасалуучу өтө катуу майда бүртүктүү зат. Абр. м-дар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, гранит, талаа шпаты, пемза) ж-а жасалма (электрокорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз, монокорунд) болуп бөлүнөт. Алар катуулугу; бекемдигинкыруу-жышуу иштерине чыдамдуулук, бөлүкчөлөрүнүн формасы, өлчөмү ж-а саны м-н мүнөздөлөт. Абр. м-дын катуулугу анын бетине алмаз пирамидасынын калтырган изинин саны м-н аныкталат. Жасалма Абр. м-дар колдонулган аспаптардын миздери жука келип, жука катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугунун натыйжасында кыруу-жонуу иштери ылдамдатылып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт, к. Абразивдуу аспаптар.

АБРАЗИЯ (лат. abrasio — кыруу, жыШУУ) -Деңизде, көлДө ж-а ири суу сактагычтарда толкун м-н шарпылдактын таасиринен жээктердин жемирилип бузулушу. А-нын тездиги толкундун күчүнө, жээктеги тоотектердин составына байланыштуу. А-нын тездиги толкундун күчүнө, жээктеги тоо тектердин составына байланыштуу. А-нын натыйжасында жээкте абразиялык тектир м-н жар (клиф) түзүлөт (к. схема). Айрым учурда жээк жемирилип отуруп кашаты тегизделип, жайык формага өтөт. Тоо тектердин А-дан пайда болгон кесек сыныктары, кум, чопо ж. б. толкун м-н шиленип, суу түбүндөгү А-лык жантаймалардын этегине чогулуп, аккумуляциялык кашатты пайда кылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *