АБО ТЫНЧТЫК ТРАКТАТЫ-1741

АБО ТЫНЧТЫК ТРАКТАТЫ-1741- 43-жылдагы Россия-Швеция согушун Швециянын жеңилиши м-н бүтүргөн договор. 1743-ж. Россия м-н Швециянын ортосунда түзүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, эгерде Адольф Фридрих Швецияда тактынын мурасчысы болуп шайланса, Россия өзүнүн терр-ялык жактан койгон доолорун чектөөгө макул экендигин билгизген. Швеция бул шартты орундаткан. Трактат негизинде тараптардын ортосунда «түбөлүк тынчтык ж-а достук» орнотулуп, алар касташа турган союздарга кирбөө милдеттенмесин алышкан. Балтика боюндагы Россия ээлеп алган терр-ялар биротоло бекемделген ж-а Кюмене д-сы чек болуп, андан берки аймак Россиянын карамагына өткөн. А. т. т. Россиянын Балтика деңизиндеги ж-а анын боюндагы абалын бекемдеп, түн. -бат. чек арасын коргоо мүмкүндүгүн берген. АБОВЯН Хачатур (1805-1848) — жаңы армян ад-тына ж-а адабий тилине, негиз салган жазуучу, рев-чылдемократ, агартуучу, педагог, этнограф. 1836-ж. Дерпт (азыркы Тарту) ун-тин бүтүрүп, мугалимдик кыЛУУ үчүн туулган мекенине кайтып келген. Агартуу ишиндеги динийсхоластикалык системага, догматизмге каршы күрөшүп, реакциячыл армян динчилеринен ж-а падыша чиновниктеринен запкы көргөн. А. бир нече роман («Армения жарааты»), аңгеме, очерк, пьеса, тамсил ж-а илимий-көркөм чыгармаларды («Американы ачуу») жазган. Феодализмдин, чиркөөнүн идеологиясына каршы багытталган чыгармалары элге түшүнүктүү тилде жазылган. А. — жаңы армян демокр. педагогикасынын негиздөөчүсү. Арменияда да 1-болуп илимий этнографияга көңүл бөлгөн, армян, азерб., курд элдеринин оозеки чыгармаларын жыйнаган.

АБОЛИН Роберт Иванович (1886- 1942) -сов. геоботаник, топурак таануу ж-а физ. география б-ча ири адис. Биол. ж-а а. ч. илимдеринин доктору (1934), профессор (1930). Петербург токой чарба ин-тун бүтүргөн (1913). Илимий ишин 1908-ж. баштаган. 1915-ж-дан тартып Түш. Казакстандын чөлдөрүн, Кыргызстандын бийик тоолуу жайыттарын, О. Азиянын геоботаникасын, топурагын, а. ч-сын, агроклиматын ж-а физ. географиясын изилдейт. СССРдеги чөлдөрдө изилдөөнү башкарат (1930- 1937). О. Азияда, Казакстанда, Дагстанда ж. б. жерлерде эксперименттик ж-а комплекстүү стационардык изилдөөлөрдү уюштурган. О. Азия тоолорунун ландшафттык зоналарын классификациялаган, О. Азия м-н Казакстанды табигый жактан райондоштуруу алардын табигый-чарбалык аймактарын ажыраткан.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *