АБОРТ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АБОРТ, бойдон түшүү — бойго бүткөндөн кийин түйүлдүктүн 28 жумага жетпей түшүп калышы. Эгер А. 16 жумага чейин болсо — эрте, 16 жумадан 28 жумага чейин болсо, кечикпей А. деп аталат. А. өз алдынча же жасалма жол м-н жүргүзүлөт. Эненин ж-а түйүлдүктүн ар кандай оорулары А-ко себеп болот. А-ту көбүнчө зяедеги төмөнкү оорулар пайда кылат: жугуштуу ич ж-а баш келте, безгек», «ызалык1, өпкөНун сезгеnffcy, грипп, котон жара, учук, бруцеллёз, токсоплазмоз, гипертония, бөйрөк, жүрөк ж-а ички бездердин оорулары ж-а сымап, бензин, никотин, марганец, ичкилик м-н уулануу, эне м-н түйүлдүк кандарынын эп келишпөөсү (резус-фактор). А. башталганда, аялдын бели, ичи ооруйт ж-а кан кетет, мындай учурда ооруканага жаткыруу керек. Дарылоо натыйжасында А. токтолуп калышы да мүмкүн. Көп кан келгенде, кош бойлуулукту сактап калууга болбойт. Бул учурда инфекция таралбаш үчүн ж-а кан келүүнү токтотуш үчүн хирургиялык кийлигишүү талап кылынат. А-тун зыяндуулугун эске алып, баланы каалабаган аялдар үчүн боюна бүтүрбөө чаралары сунуш кылынат. Элдердин маданий деңгээлинин, баланын төрөлүшүнүн ж-а элдин табигый өсүшүнүн жогорулашын эсепке алып, 1955-ж. 23-ноябрда СССР Жогорку Советинин Президиуму «Абортко тыюу салууну алып таштоо жөнүндө» Указ жарыялаган. Бул Указга ылайык А. ооруканаларда аялдардын каалоосу б-ча 12 жумага чейин гана жүргүзүлөт. Эгерде кош бойлуулук аялдын денсоолугуна ж-а балага зыян келтирсе, 12 жумадан кийин да жасоого уруксат берилет. А-ту ооруканадан сырткары мед. билими болбогон адам же врач жүргүзсө, законсуз деп табылат, А. жасагандар жоопко тартылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *