АБИССАЛЬ

АБИССАЛЬ (гр. abyssos — түпсүз), абиссаль зонасы — деңиз түбүнүн өтө терең (2 кжден төмөн) аймагы. Мында океан түптөрүнүн рельефин ири ойдуңдар, суу астындагы кырка тоолор м-н платолор түзөт. А. зонасында суу тынчыраак абалда, төмөнкү темп-рада (0-2°С) болуп, туздуулугу (34, 7-34, 9% о) ж-а тыгыздыгы дайыма туруктуу. Күн нуру жетпейт, басым өтө чоң (200-НОО кгс/см2). Деңиздин мындай түпкүрүн органогендүү же минералдуу заттардан пайда болгон тунма ылай каптап жатат (к. Абиссаль чөкмөлөру). Өсүмдүктөр дүйнөсү негизинен бактериялардын айрым түрлөрүнөн ж-а сапрофит балырларынан турат. Жаныбарлары сокур же көздөрү өтө чоң болот. Алардын көбү өздөрүнөн нур чыгарып, жаркырап жүрүшөт. АБИССАЛЬ ТҮЗДҮКТӨРҮ — океан ж-а деңиз чуңкурдуктарындагы түздүктөр. Морфол. түзүлүшү жагынан тайпак (субгоризонттуу) ж-а дөңсөөлүү болуп, 2 типке бөлүнөт. Тайпак А. т. океан чуңкурдугунун чет жагына, деңиз ойдуңунун борб. бөлүгүнө туура келет. Мындай түздүктөр өтө тегиз келип, алардын ар кайсы жерлеринде жанар тоодон пайда болгон дөбөлвр кездешет. Тайпак А. т. Атлантика океанында көп (Хаттерас, Биская, Ангола ж. б. ). Дөңсө ө л ү ү А. т-нүн рельефи татаал, 500 м ден 1000 м ге чейин жетет. Түздүктүн бети дөңсөөлүү, жалчалуу келет, борпоң, чөкмөлүү ойдуңдары бар. Мындай түздүктөр Тынч, Инди, Атлантика океандарында болот. АБИССАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ -3 км ден төмөнкү тереңдикте топтолуучу суу астындагы деңиз чөкмөлөру. Алар дүйнөлүк океандардын түптөрүнүн 90% ке жакын аянтын ээлеп жатат. А. ч. планктон организмдеринин скелет калдыктарынан, шамал учуруп ж-а деңиз агымдары м-н келген минералдык майда заттардан, суу алдындагы тоо тектердин талкаланышынан пайда болгон бүртүкчөлөрдөн, тереңдиктеги хим. чөгүндүлөрдөн ж-а жанар тоо бүркүндүлөрү м-н космос чаңдарынан турат. Чегүү процесси өтө жай жүргөндүктөн, 100 жылда орто эсеп м-н 0, 5-2 мм гана калыңдыктагы чөкмө пайда болот. Составынын 20-98% орг. калдыктардан турган аки таштуу ж-а кремнийлүү тунма ылайлардан түзүлсө — органогендик, ал эми скелеттер өтө аз кездешип, негизинен кызыл чоподон турса, полигендик деп аталат. Кызыл чоподо темир-марганец конкрециялары кездешет, к. Деңиз *өкмөлөру.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *