АБЖАЛИЕВ. Пазыл

АБЖАЛИЕВ. Пазыл (1909-ж. т. ) — Кырг. ССРинин айыл чарба ишмери, Соң. Эмг. Баатыры (1950). Ош облнын Ноокат р-нундагы «Караван» к-зунун тамекичилик звеносунун звеновою (1946). А. эмгек жолун 1930-ж. Кызыл-Кыя кен башкармасында шахтёрлуктан баштаган. 1933-43-ж. тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. 1946-жылдан звено башчысы болуп иштеген. А. башкарган звено 1949-ж. 3, 1 га аянттагы тамекинин ар гектарынан 19, 1 ц Ден түшүм алган. А-дин Ленин ордени, медалдары бар. Персоналдык пенсионер.