АБДЫШЕВА Токтогул

АБДЫШЕВА Токтогул (1923-ж. т. ) — Фрунзедеги трикотаж ф-касынын тигүүчү-мотористкасы. Соң. Эмг. Баатыры (1971). 1958-жылдан КПССтин мүчөсү. А. эмгек жолун 1946-ж. Фрунзедеги трикотаж ф-касында үйрөнчүк болуп баштаган. Ал норма б-ча күнүнө 2600 топчулук жасоонун ордуна 4000 топчулук даярдоого Жетишип, «Коммунисттик эмгектин ударниги» деген наамга татыктуу болгон (1955). 8-беш жылдык планды 1969-ж. орундатып, 1970-ж. үчүн иштеген. А. 1971-ж-дын июнь айында эле жылдык планын орундатып, 1972ж-дын эсебинен иштейт. Кыргызстан Компартиясынын 12-15-съездинин делегаты. Совет-монгол достук коо. мунун мүчөсү. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *