АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АБДЫРАХМАНОВ Сүйөркул (1898, Талас, Чоң-Токой айылы, — Ы 1959, Жаңы-Алыш) — жазма ырчы. Ке дей-дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. Окт, ревясына чейин Олуя-Ата ш-да (азыркы Жамбыл) ж-а Таласта байларга жалданып, тиричилик өткөзүп, келген. 30-ж-дары сабатсыздыгын жоюп,, мугалимдик курста окуйт- 1943-ж-га чейин мугалим, , 1943-45гЖ-да Магнитогорск металлургиялык з-дунун, жумушчусу болуп иштеген. Чыгармачылык иши. 1930-ж-дан башталат. Чыгармаларында негизинен Компартиянын акылман жетекчилигин, колхозчулардын жыргал турмушун даңазалайт. «Эр Солтоной» аттуу элдик эпосту да жазып басмадан чыгарат. Анда кыргыз элиниң сырткы басып алуучуларга — калмактарга. ‘, каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоо догу эрдиги баяндалат. Чыг. : Эр Солтоной, Фр., 195?г

АБДЫРАХМАНОВ Ыбырайым (1888- 1967) — белгилүү кыргыз жомокчусу, санжырачы, педагог, :. фольклорист. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз тарабындагы Талды-Булак деген. жерде оокаттуу үй-бүлөдө туулган. Д905/:Ж. Караколдо татар мектебин бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. Совет бийлигинин жылдарында Алматы, . фрунзеде ачылган мугалимдик курстарда, окуган. 1939-ж. Фрунзедеги мугалимдер ин-тун бүтүргөн. 1935-60-ж. Кыргызстандагы тил, адабиятты изилдөө багытындагы илимий мекемелерде кызматкер болуп иштеген. А. бүт өмүрүн кыргыз элинин оозеки чыгармаларын чогултууга арнап, С. Каралаевден «Манас», «Семетей», «Сейтектин» көп бөлүгүн, 1922-26-ж. Сагынбайдан «Манас» эпосун (400 басма табак көлөмүндө), «Эр Төштүк» жомогун жазып алган. Революцияга чейинки жазма ырчылардын чыгармаларын жазып алып, фондуга өткөргөн. Ал өзү да «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосун жакшы айткан. «Манас» трилогиясынын А. түзгөн варианты идеялык жактан таза келип, көркөмдүк жактан жеткилең. А. көп сандаган фольклордук ж-а тарыхый-этногр. материалдарды жыйноодо көп эмгек сиңирген. А. кыргыздын «Жаңыл Мырза» дастанын да айткан. Эл арасында айтылган легендаларды, тарыхый уламыштарды, асыресе «Казак кайың саап, кыргыздын ысарга киргени» деген тарыхый уламышты көлөмдүү санат ырга айландырган. . «Манастын» кайсы кылымдарда болгону тууралуу», (1941) деген макаласында эпостун доорунун мүнөзү ж-дөгү көптөн берки байкоолорун топтогон. «Манас» эпосун жарыкка чыгарууга да активдүү катышкан. 1948-ж. СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. А. бир нече медалдар м-н сыйланган.

Ад. : Мамыров М., Жомокчу, жыйноочу, фольклорист, «Ала-Тоо», 1967, № 11.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *