АБДЫБЕКОВ Садырбек

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АБДЫБЕКОВ Садырбек (1871, ТоруАйгыр;- 25. II. 1950, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Жол-Колот кыш. )-мергенчи, натуралист, саякатчы, тилмеч. Кедей үй-бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягынан тартып орус (А. А. Куценко, 1901; В. Н. Шнитников ж. б. ) ж-а чет өлкөлүк (Д. Алмаши, 1900; Г. Мерцбахер, 1902-1903; Д. Принц, 1906 ж. б. ) илимий экспедицияларга катышкан. Күнгөй-Тескейдин, СарыЖаз, Көөлү, Арпа, Суусамыр, Балгарт ж. б. Тянь-Шандын көп жерлерин (1890—1943), Иле өрөөнүн (1909, 1912- 13), Балкаш көлүнүн жээктерин (1913), ЗКунгар тоолору м-нАла-Көлдү (1914), Күнөс, Текес, Борохорону (1916-21) ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, орустун (Москва, Петербург) ж-а чет өлкөлөрдүн (Будапешт, Лондон, Мюнхен ж. б. ) бир топ музейлёрин көп сандаган коллекциялар м-н жабдыган. Сов. мезгилде колхоз курулушуна активдүү катышкан. Кыргызстанда аңчылыкты уюштуруучулардан болуп, Аңчылар союзунун башкармасына шайланган; 1930-ж-дан баштап Пржевальскидеги чумага каршы станциянын илимий кызматкери катары бир нече экспедицияга катышкан. Фрунзедеги (1926) ж-а Пржевальскидеги (1928-29) крайлык музейлерди түзүүгө катышып, аларга өзү даярдаган коллекцияларды берген. Кыргыз жергесин, анын табигатын, өзгөчө айбанаттарын жакшы билген. АБДЫКАЛЫКОВ Жолдошбай (1935ж. т., Ысык-Көл р-ну, «Таштак» кыш. )-кыргыз сов. акыны. Кыргыз мамл. ун-тинин филол, ф-тетин бүтүргөн (1959). 1955-ж. . «Ленинчил жаш» газетасына басылган «Добуш берем» деген ыры м-н чыгармачылыгы башталат. А. «Ленинчил жаш» газетасында (1960-62), «Жаш Ленинчи» журналында (1962-65) адабий кызматкер болуп иштеген. Азыр «Кыргызстан пионери» газетасында бөлүм башчы. 1961-ж. «Жылдызстан» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көрдү. А. — «Бакыт гүлдөрү» (1963), «Кош жылдыз» (1967), «Ак толкундар» (1968) (бул китебине 1970-ж. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы берилген), «Таштагым менин, Таштагым» (1970), «Теребел» (1971), «Дүйүм дарак» (1973) аттуу ырлар жыйнактарынын автору. Ал классикалык кыргыз поэзиясынын салты м-н жазат. А. — поэзиясында замандаштарынын ички дүйнөсүн назик лиризм, курч публицистика м-н ачып берүүгө аракеттенген акын. АБДЫЛДАЕВ Мамбет (1924-ж. т. ) — Соц. Эмг. Баатыры (1971). 1967-жылдан КПССтин мүчөсү. Ош обл-нын Токтогул р-нундагы Токтогул атн. с-здун старший чабаны. 1965-67-ж-да ар 100 тубар койдон 130-140 тан козу алып, чыгашасыз асыраган. СССР Жогорку Советинин 7-шайл. депутаты. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *