АБДУРАХМАН ХАЖАР

АБДУРАХМАН ХАЖАР (чын атыжөнү — Абдурахман Ш а р а, ф к а нд и; 9. 6. 1920-ж. т., Шарафканди кыш., Ирак Курдистаны) — курд акыны. Мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Филос. ж-а логика илимдерин үйрөнгөн. Саясий ишмердиги үчүн көп жолу куугунтукка алынган. Чыг-лык ишин 1945-ж. баштаган. «Алакок» (1945), «Кой баштарынан баян» (1957), «Бардыгынан азтаздан» деген ыр жыйнактарын жарыялаган. Өз чыг-ларында А. Х. тынчтык ж-а курд элинин улуттук өз алдынчалыгы үчүн күрөшкө үндөп, курд-араб достугун ж-а ынтымагын даңазалайт. Азерб., араб, перс тилдеринен которот. Айрым ырлары («Ант берем», «Ийинге ийин тийишип», «Адамга» ж. б. ) орус тилинде басылып чыккан. АБДЫРАХМАНОВ Фуад Гасан оглы (1915-ж. т. ) — скульптор, Азерб. ССРинин эл сүрөтчүсү (1955). СССР сүрөтчүлөр академиясынын мүчө-коррти (1949). 1962-жылдан КПССтин мүчөсү; Ленинграддагы Сүрөт академиясынан билим алган. Кировабад ш-да орнотулган Низаминин эстелиги (1946) үчүн СССР Мамл. сыйлыгын алган (1947); бул эстелик Бакуда коюлган (1949). Белгилүү монументтин чыг-лары: Сухе-Батор м-н Чойбалсандын бюсту (мрамор, 1954, Улан-Батор), С. Вургун (1961, Баку) м-н Рудакинин (1964, Дүйшөмбү) эстелиги, «Боштондук» (1960, Баку), «Чабан» (гипс, 1950-ж. СССР Мамл. сыйлыгын алган) статуялары ж. б. А. бирнече портреттин бюсттарды да жасаган, 2 жолу орден м-н сыйланган. АБДУ САМАТ -Ош обл-нын Фрунзе р-нундагы Халмион сельсоветине караштуу кыштак. Араб-Д өбө м-н Чимион сууларынын аралыгында, «Победа» к-зунун аймагында жайгашкан. Райондун борбору Фрунзеден 14 км түн. -бат. тарапта, Ташкен т. ж-дагы Маргалаң станциясынан 40 км. Калкы 879 (1971). Башталгыч мектеби бар.