АБДУЛЛА ХАФИЗ

АБДУЛЛА ХАФИЗ (чыныгы аты-жөнү-Файзуллаев Абдулла; 1869-1944) — Кырг. ССРинин эл артисти (1940), Өзб. ССРинин эл ырчысы (1943). Окт. рев-нан кийин Намангандагы шайырлар ийриминде, Чыгыш труппасында, Оштогу муз. драма театрында, согуш жылдарында Ташкен обл-нын ЯнгиЮл ш-дагы муз. драма ж-а комедия театрында иштеген. АБДУЛЛАЕВ Гасан Мамед Багар оглы (20. 8. 1918-ж. т., ) — советтик физик. СССР ИАнын мүчө-корр. (1970), Азерб. ССР ИАнын академиги (1967; мүчө-корр. 1955), президенти, физ. матем. илимдеринин доктору (1954), 1942-ж-дан КПССтин мүчөсү. Жульфин р-нундагы Яйжи кыштагында дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. Азерб. педин-тун бүтүргөн (1941). 1941-1944-ж-да- мугалим. 1944-ж-дан Азерб. ССР ИАнын Физ. -матем. интунда илимий иш жүргүзгөн. 1954-ж. Азерб. мамл. ун-тинде лекция окуйт. 1959-ж. Азерб. ССР ИАнын физ. интунун директору. А-дин жарым өткөргүчтөрдү изилдөө б-ча маанилүү эмгектери бар. Илимдин бул тармагынан 50 дөн ашык кандидат даярдап, 6 докторлук диссертациям консультант болгон. СССР Жог. Советинин 9-шайл. депутаты.