АБДУЛЛАЕВ Хабиб Мухамедович

АБДУЛЛАЕВ Хабиб Мухамедович [18(31). 7. 1912, Ош обл., Араван кыш., — 20. 6. 1962, Ташкен] — көрүнүктүү өзбек совет геологу, Өзб. ССР ИАнын академиги (1947), президенти (1956-62), СССР ИАнын мүчө-корр-ти

(1958), геол. -минералогия илимдеринин доктору (1946). 1941-ж-дан КПССтин мүчөсү. Кедей дыйкан үй-бүлөсүндө o туулган. О. Азия индустр. интунун геол. ф-тетин бүтүргөн. Москва геол. чалгындоо ин-тунда (1936), О. Азия политех, ин-тунда (1940) пед. кызматта иштеген. О. Азия индустр. ин-тунун ж-а Өзб. ССР ИАнын Геол. ин-тунун директору (1941-50). А. петрологиянын теориялык маселелерин, кен илими ж-дө окууну, скарн ж-а аны м-н байланыштуу болгон кендердин проблемасын иштен чыккан. Айрым кен байлыктардын пайда болушу ж-а алардын жер кыртышында таралыш закон ченемдүүлүгү ж-дө илимий теорияны козгогон. А-дин 130дан ашык илимий эмгеги (анын ичинде 6 монографиясы) бар; айрымдары дүйнөгө маалым. Эл аралык геологиялык конгресске бир нече жолу (1950-61) катышкан. Франция геол. комитети м-н Британия минералогиялык коомунун мүчөсү (1960). СССР Жогорку Советинин 5-шайланышынын ж-а Өзб. ССР Жогорку Советинин (1955-62) депутаты, Өзбекстан КП БКнын мүчөсү (1956-1962), КПССтин 22-сьездинин делегаты. Лениндик сыйлыктын (1959), Бирунн атн. Өзб. ССРинин Мамл. сыйлыгынын (1970) лауреаты. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, үч Кызыл Жылдыз ж-а «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар м-н сыйланган.

Чыг. : Собрание сочинений, 1-7 т., Таш., 1964-69.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *