АБДУКАРИМОВ Мамасалы

АБДУКАРИМОВ Мамасалы (5. 6. 1910-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну Жапалак кыш. ) — кыргыз совет жазуучусу, котормочу, журналист. Кедей чайрыкер. адамдын үй-бүлөсүндө туулган. 1939-жылдан КПССтин мүчөсү. 1916-ж. ата-энеси өлүп, ар кимдин колунда жүрөт, кийин (1921- 24) Ошто жетим балдар үйүндө тарбияланат. 1930-ж. Кыргыз педтехникумун бүтүрүп, респ. «Ленинчил жаш», «Советтик Кыргызстан» газеталарында жооптуу секретарь, редактордун орун басары ж-а редактор болуп иштейт. Кыргызстан КП Ош обкомунун секретары (1943-47), Кыргызмамбаста көркөм адабият редакциясынын башчысы (1950-62). «Советтик Кыргызстан» газетасында адабий кызматкер (1962-68) болгон. А-дун «Курмушунун турмушу» аттуу алгачкы аңгемеси 1928-ж. жарык көрөт. А. «Кызыл эмгек» (1932), «Турмуш жана күрөш» (1937), «Үзүлбөгөн үмүт» (1957), «Болгар жеринде» (1960) жыйнактарынын, «Жашагым келет» романынын (1-китеби, 1960; 2-китеби, 1965) автору. А. көрүнүктүү котормочу катары да белгилүү. Ал марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын, ар түрдүү тармактагы адабияттарды, орус ж-а дүйнөлүк классиктер А. П. Чеховдун, М. Горькийдин, М. Шолоховдун, Джон Риддин ж. б-дын көркөм чыгармаларын, ондогон киносценарийлерди кыргыз тилине которгон. А-дун 1970-ж. биографиялык мүнөздөгү «Жол башы» аттуу повести чыкты. А. 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Ад. : Артыкбаев К., Жазуучу, журналист жана котормочу, «Ала-Тоо», 1960, № 9; Закиров С, Жашагым келет романы тууралуу, «Ала-Тоо», 1962, № 6. АБДУЛАЕВ Курманкул (1918-ж. т. ) — Ысык-Көл обл-нын Түп р-нундагы «Сухой-Хребет» с-зунун комбайнёру (1937), Соц. Эмг. Баатыры (1957). А. 1931-ж. совхозго жумушчу болуп кирип, 1937-жылдан бери комбайнёр. 1956-ж. А. 520 га эгин чаап, 11565 ц дан бастырган. А. Кырг. ССР Жогорку Советинин 5-шайл. депутаты. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сый- ланган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *