АБДИМОМУНОВ Токтоболот

АБДИМОМУНОВ Токтоболот (15. 8. 1922-ж. т., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш кыш. ) кыргыз совет жазуучусу, драматург, Кыргыз ССР иск-восуна эмг. сиң. ишмер (1972), коомдук ишмер. 1959-жылдан КПССтин мүчөсү. Фрунзедеги мед. окуу жайын бүтүргөн (1938). Журналисттик кызматтарда иштеген. 1959-71-ж. Кыргызстан жазуучулар Союзунун Башкармасынын биринчи секретары, 1974-жылдан кыргыз Театр коомунун председатели. А-дун чыгармачылыгы согуштан кийин башталган. Адегенде ал очерк, аңгеме, сын макалалар, бир айтылуу пьесалар жазат. Алгачкы пьесалары: «Кумдуу чап» (1946), «Замандаштар» (1948), «Курман» (1950), «Достуктун жиби үзүлгөндө» (1950). Азыркы учур м-н байланыш, актуалдуулук А-дун кийинки мезгилдеги чыгармачылыгында андан нары тереңдеди. Айрыкча 50-жылдары жазылган «Борбаш» (1950), «Тар капчыгай» (1953), «Атабектин кызы» (1956), «Ашырбай» (1956) пьесалары автордун орус ж-а дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин өздөштүргөнүн айкындап, турмуштук материалды көркөм чагылтуунун улуттук салттарын жаңылоо, жаңы формалар м-н ыкмаларды издөө б-ча белгилүү ийгиликке жеткенин көрсөттү. Аталган пьесалар кыргыз драматургиясынын жаңы профессионалдык деңгээлге көтөрүлгөндүгүн далилдеди. 60-жылдары жазылган «Абийир кечирбейт» (1962), «Каркыралар кайтканда» (1965), «Бюро жүрүп жатат» (1968), «Жыгылган оогонго күлөт» (1969) пьесалары респ. кыргыз ж-а орус театрларында коюлду. «Абийир кечирбейт» Сов. Союзунун жыйырмадай ашык театрынын репертуарынан орун алды. Бул пьесалар бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелерин козгоп, сов. адамдардын баатырдык эмгегин, өз ара мамилесин, сүйүүсүн, күрөшүн, достугун даңазалайт. А. көбүнчө моралдык-этикалык темаларга көп кайрылып, аларды драматургиянын «тилинде» олуттуулук м-н ишенимдүү баяндап берет. Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө ээ, типтештирилген каармандардын тобун жаратты (Ашырбай, Жыпаргүл, Майсалбүбү, Нурдин, Масадык, Шайыргүл, Наргүл). Комедия жанрын өнүктүрүүдө айтаарлык үлүшү бар. Драматургдун соңку пьесасы («Таалай гүлдестеси», 1970) Вьетнам элинин баатырдык күрөшүн чагылдырат. А. — «Жүкөш» (1950) повестинин, «Жакшы адамдар» (1955) деген аңгемелер ж-а очерктер жыйнагынын, кыргыз адтынын маселелерине байланышкан бир катар публицистикалык ж-а сын макалалардын автору. А-дун «Сүйүү ж-а үмүт», «Абийир кечирбейт» деген пьесасы Токтогул атн. Мамл. сыйлыкка татыктуу болгон (1967). А. — СССР Жог. Советинин 6-шайланышынын, Кырг. ССР Жог. Советинин 7-8-шайланышынын депутаты. Үч жолу Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг. : Пьесалар, Фр., 1969; Чыгармалардын бир томдугу, Фр., 1973; Ашырбай, Драма в четырех действиях. MY, 1958; Обжалованию не подлежит. Драматич. повесть в 2-х действиях. М., 1963.

Ад. : История киргивской’советской литературы, М., 1970; Борбугулов М., Турмуштун тереңин көздөй, Фр., » 1967; Жакиев Б., Маанилүү драма («Ашырбай» драмасы жөнүндө), «Ала-Тоо», 1958, JM» 9.