АБА

АБА — жер атмосферасын түзүүчү, негизинен азот м-н кычкылтектен турган газдардын аралашмасы. А-нын, суунун таасиринен жер бетиндеги негизги геол. процесстер жүрүп, аба ырайы, климат өзгөрүлөт. 1775-77-ж. франц. химик Лавуазье А-нын составында азот м-н кычкылтек бар экенин ачкан. 1894-ж. англ. окумуштуулар Дж. Рэлей ж-а У. Рамзай А-да дагы бир элемент — аргон барын байкашкан. Итал. окумуштуу Г. Галилей (1632) А. суудан 400 эсе жеңил экендигин аныктаган. Кургак А. негизинен 78, 09% азот N2, 20, 95% кычкылтек 02, 0, 93% аргон Ar, 0, 03% көмүр кычкыл газы С02, өтө аз санда башка инерттүү газдар, суутек Н2, озон О3, азот кычкылдары, көмүртек кычкылы СО, аммиак NH3, метан CH4, күкүрттүү газ SO2 ж. б-дан турат. А-нын орточо мол. массасы 28, 966. А-да азоттун, кычкылтектин ж-а инерттүү газдардын концентрациясы туруктуу. Кычкылтектин туруктуу болушун жер шарындагы өсүмдүктөр камсыз кылат (к. Фотосинтез). Көмүр кычкыл газынын, азот кычкылдарынын, күкүрттүү газдардын концентрациясы шартка жараша өзгөрүлүп турат. Ө. ж. ишканалары көп чоң шаарларда бул газдар арбын бөлүнөт. А-нын составында суу да туруктуу эмес (көлөмү б-ча 0, 00002 ден 3% ке чейин). Мындан башка майда кыпын чаңдар да кездешет (к. Аэрозолдор). Деңиз деңгээлиндеги А-нын басымы 0°Сда 760 мм сым. мам. барабар. Бул шартта 1 л А-нын массасы 1, 2928 г. Суюк А. — көгүш түстөгү суюктук, тыгызд. 0, 96 г/см3 (-192°С). Нормалдуу басымда — 190°С да бууланат. Аны дьюар идиштеринде сактайт. Кычкылтекке караганда N2 ж-а Ar тез буулангандыктан, суюк А-нын составы туруктуу болбойт. Суюк А-ны фракциялык буулантуу жолу м-н таза азот, кычкылтек, аргон ж. б. инерттүү газдар алынат. Адамдын жашоосу үчүн А-нын проценттик составы, темп-расы, нымдуулугу ж-а кыймылы чоң мааниге ээ. Металлургиянын, химия ө. ж-нын, транспорттун, энергетиканын өсүшү А-да көмүр кычкыл газы сыяктуу зыяндуу газдардын көбөйүшүнө алып келет. А-нын булганышы адамдардын, айбандардын ж-а өсүмдүктөрдүн жашоо шартын начарлатып, кээде түрдүү ооруга чалдыктырат. А. — ө. ж-да кычкылтек, азот, инерттүү газдарды алуунун негизги сырьёсу.

АБА — кыргызда кичүүлөрдүн жашы улуу эркектерди ызааттап аташы же чакырышы. Кээ бир жерде А. дөп кичүүлөр аталаш же жатындаш агасын гана айтат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *