АБА ЧЫПКАСЫ

от123

Июн 24, 2020

АБА ЧЫПКАСЫ — абаны чаңдардан ж-а газдардын аралашмаларынан тазалоочу түзүлүш. Ал имаратка, газ турбинасына, ичинен күймө кыймылдаткычка берилүүчү абаны тазалоо үчүн колдонулат. А. ч-нын иштеши абадагы майда бөлүкчөлөрдүн тешиктүү катмарларга токтолуп, нымдалган беттерге жабышып калышына негизделген. Абаны тазалоодо булалуу, майлуу ж-а губка түрүндөгү материалдар колдонулат. Акыркы убактарда электрдик чыпкалар кеңири колдонулууда.

от 123