АБА ЧАБУУЛУНАН КОРГОНУУ

АБА ЧАБУУЛУНАН КОРГОНУУ (ПВО)-согуш аракеттеринин бир түрү; куралдуу күчтөр ж-а аскер түркүмдөрү; о. эле атайын аскер тобу аба чабуулуна каршы жүргүзчү согуш. ПВО өлкөнүн ири согуш ж-а саясий объектилерин, экон. борборлорун аба коркунучунан сактайт. Коргонуунун 1-куралдары: зениттик замбирек (1912), зениттик 76 мм замбирек, истребитель авиациясы (1915), зениттик прожектор (1916) ж. б. 1918-ж. Москва ж-а Ленинград ш-лары аба чабуулунан коргонуунун 1-объектилери болду. 1918-ж. майда Кызыл Армиянын карамагында 8 батарея, 50 истребитель-самолёт бар эле. 1930-39-жылда аба чабуулуна каршы 76, 2 мм, 37 мм, 85 мм зениттик замбиректер, издөө станциясы (прожзвук-1), радиолокациялык станция «Редут» курулду. Улуу Ата Мек. согушта ПВО аскерлери душмандын 7313 самолетун ж. б. согуш техникаларын кыйратты. Азыркы учурда ПВО аскерлери космостук ж-а ракеталык чабуулдарга каршы согушууга адистештирилди, анын негизги күчтөрү зениттик ракета (ЗРВ) авиация, радио-техника (РПВ) бөлүкчөлөрүнөн турат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *