АБА ТРАНСПОРТУ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АБА ТРАНСПОРТУ — жүргүнчү, почта, жүк ташуучу транспорттун бир түрү. А. т. 1-дүйн. согуштан кийин пайда болду. СССРде А. т-нун өнүгүшүнө 1923-ж. бүткүл росс. «Добролет» ыктыярдуу аба флоту ж-а «Укровоздухпункт» коомдорунун түзүлүшү өтө чоң түрткү берген. Сов. Союзу — дүйнөдөгү эң ири аба державасы. 1972-ж. аба жолунун уз. 780 миң км ди түзүп, А. т. 3500 айыл-кыштакты ж-а шаарды байланыштырган, 1971-ж. 82 млн. жүргүнчү, 2087 миң т почта ж-а жүк ташыган; токой, а. ч. үчүн 74 млн. га жерге хим. иштерди жүргүзгөн. 1950-жылдан тартып А. т-да винттүү самолеттор реактивдүү самолеттор м-н алмаштырыла баштады. Азыр ТУ-104, ТУ-114, ТУ-124, ТУ-144, ТУ-154, ИЛ-18, ИЛ-62, АН-10, ЯК-40 ж. б. самолеттор пайдаланылат. Сов. А. т. 1958-ж. дүйнөнүн 16, 1970-ж. 60 өлкөсү м-н катнашын турган. , Кырг-нда А. т-нун өнүгүшү 1924-ж. Бүткүл росс. «Добролет» аба флотунун ыктыярдуу коомунун о. азиялык бөлүгүнүн түзүлүшүнө байланыштуу. Биринчи аба жолу Ташкен — Пишпек — Алматы болгон. Бул жол 1924-ж. 3-майда ачылган. Республикада А. т. негизинен Улуу Ата Мек. согуштан кийин өнүктү. Азыр респ-канын бардык райондору м-н А. т. аркылуу байланыш түзүлүп, Москва, Ленинград, Новосибирск, Баку, Ташкен, Киев, Караганда сыяктуу ири ш-ларга самолет үзгүлтүксүз каттайт. Республиканын А. т. АН-2, ЛИ-2, ЯК-12 ден башка ИЛ-14, ИЛ-18, АН-24, ЯК-40, ИЛ-62 самолёттору м-н толукталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *