АБА-РЕАКТИВДҮҮ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ

АБА-РЕАКТИВДҮҮ КЫЙМЫЛДАТКЫЧ — отуну атмосф. абадагы кычкылтек м-н тутануучу авиациялык реактивдүү кыймылдаткыч. А. -р. к-тын тартуу күчү реактивдүү соплодон агып чыгуучу газдын ылдамдыгынын өсүшүнүн натыйжасында пайда болот. Соплодон агып чыккан газдын ылдамдыгын арттыруу үчүн кыймылдаткычтын күйүү камерасына кирген аба кысылат да, ал кысылган аба жогорку ылдамдык м-н тез чыгат. Кысуунун ыкмаларына жараша А. -р. к. компрессордуу ж-а компрессорсуз болуп бөлүнөт. Компрессорсуз кыймылдаткычтарга түз агымдуу ж-а пульсациялуу А. -р. к. кирет. Компрессордуу А. -р. к. мотореактивдүү ж-а турбореактивдүү болуп айырмаланат. Биринчисинде аба кысуучу компрессор кадимки поршендүү кыймылдаткычтар м-н, экинчисинде газ турбинасы м-н айландырылат.